Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:31

Акаев: ЖМК мыйзам долбоорун күн тартибине киргизүүдө регламент бузулду


Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

КСДП фракциясынын депутаты Жанар Акаев Жогорку Кеңеш "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү" мыйзам долбоорун регламентти одоно бузуу менен кабыл алганы жатканын "Твиттердеги" баракчасына жазды. Анын айтымында, эреже боюнча мыйзам долбоору оңдолгондон кийин пленардык жыйында эмес, тиешелүү комитетте каралышы керек болчу.

16-июнда аталган мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушу камтылган документ парламенттин жалпы жыйынында биринчи окууда күн тартибине коюлуп, бирок авторлор "долбоор чала болуп жатат" деген негизде кийинкиге калтырышкан. Ага чейин аны Социалдык маселелер, билим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети жактырган. Бүгүн демилгечилердин бири Кожобек Рыспаевдин сунушу менен мыйзам долбоору добуш берүүгө чейин күн тартибине киргизилди. (NT)

XS
SM
MD
LG