Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:11

Акаев: ЖМК тууралуу мыйзам долбоору Орусиядан көчүрүлгөн


"Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү" мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Кожобек Рыспаев документти жазууда чет элдик тажрыйба колдонулганын билдирди. Депутат Жанар Акаев бул мыйзам долбоору Орусиядан көчүрүп алынганын айтты. Рыспаев көчүрүп алды дегенди четке кагып, бирок Казакстандын жана башка мамлекеттердин тажрыйбасы эске алынганын билдирди. Демилгечинин айтымында, документ Кыргызстандын маалымат коопсуздугун камсыздоого багытталган. Долбоорду оңдоо учурунда сайттар жана радиолор алынып, телеканалдар гана калтырылганын билдирди.

Парламент азыр аталган мыйзам долбоорун талкуулап жатат. 16-июнда документ парламенттин жалпы жыйынында биринчи окууда күн тартибине киргизилип, бирок коомчулукта катуу сынга алынгандан кийин авторлор "долбоор чала болуп жатат" деген негизде кийинкиге калтырышкан.

Рыспаев телеканалдардын акцияларынын 65 пайызына Кыргызстандын жарандары, 35 пайызына гана чет элдиктер ээ болушу керектигин сунуштоодо. Буга чейин аталган документ орус мыйзамынын көчүрмөсү экенин, ал документтин кабыл алынышы менен Орусияда медианын үстүнөн мамлекеттик көзөмөл күчөгөнүн Москвадагы ЖМК укугун коргоо борборунун директору Галина Арапова "Азаттыкка" билдирген. Кыргызстанды мындай мыйзамды четке кагууга чакырган. Аны артка чакыртууну жергиликтүү медиа уюмдардын жетекчилери, эксперттер, жарандык активисттер да талап кылышууда.(NT)

XS
SM
MD
LG