Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:57

Cөз эркиндигин сынаган талаштуу мыйзам


2010-жылдагы апрель окуясынын алдында сөз эркиндигин колдогон акция, Бишкек, 2010-жыл, апрель,
2010-жылдагы апрель окуясынын алдында сөз эркиндигин колдогон акция, Бишкек, 2010-жыл, апрель,

Жогорку Кеңеш депутаттарынын чет өлкөдөн каржыланган маалымат каражаттарынын ишмердигин чектеген мыйзам долбоорун парламент биринчи окууда колдоп берди. Жарандык коом бул мыйзам долбоору сөз эркиндигин чектөөгө жол ачат деп аны чакыртып алууну депутаттардан талап кылууда.

Жарандык коом бул мыйзам долбоору сөз эркиндигин чектөөгө жол ачат деп аны чакыртып алууну депутаттардан талап кылышкан. Ал эми демилгечи депутаттар документ мамлекет коопсуздугу үчүн зарыл деген негизге таянууда.

1992-жылдан бери иштеп келе жаткан мыйзамды өзгөртүүнүн максаты эмнеде жана ал кандай зарылдыктан улам чыгууда? Маалымат каражаттарынын ишмердигин тизгиндөө коомдун эркин маалымат алуу укугун чектөөгө жол ачпайбы? Жаңы мыйзам долбоорун шашылыш кароо аракетинин артында кандай кызыкчылыктар башбактап турат?

"Азаттыктын" “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасынын бул жолку чыгарылышында ушул жана башка суроолорго жооп издедик. Талкууга белгилүү журналист Азамат Тынаев жана тарых илимдеринин доктору, профессор Айнура Арзыматова катышты.

"Азаттык": Азамат мырза, бүгүн парламент мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда кабыл алды. Айрым депутаттардын регламент бузулду деп чырылдаганына карабай, долбоордун добушка коюлушу сизге кандай таасир калтырды? Деги эле 79 добуш менен мыйзамдын биринчи окуудан өтүшү эмнени каңкуулайт?

Азамат Тынаев: Биринчиден, бул мыйзам долбоорунун чыгуусу биз үчүн күтүлбөгөн маселе болду. Эмне себептен депутаттар ушул маселеге кайрылышты, эмне максаттарды көздөп жатканын ушул убакка чейин билбейбиз. Алар жолугушууларга келишпейт, диалогго чыгышпайт. Биз аларга шарт түзүп, келгиле талкуулайлы деп жатабыз. Биздин дагы пикирибизди билгиле деп жатабыз. Бирок, тилекке каршы, алар биз менен сүйлөшүүдөн баш тартып жатышат. Азыр дагы убакыт бар. Биз аракеттерибизди уланта беребиз. Азыр абал мындай болуп жатат. Депутаттардын чыныгы оюн, максатын билбей туруп, аларды талкуулоо дагы кыйын болуп жатат.

"Азаттык": Айнура айым, депутаттар өздөрү сунуштаган мыйзам долбоорду парламент ичинде катуу коргогону менен, аны медиа чөйрө менен ачык отуруп талкуулаганга даабай жатат. Биз бүгүн демилгечи төрт депутатты талкуубузга чакырсак дагы келүүдөн баш тартышты. Мамлекеттик коопсуздугу тынчын алган депутаттар эмнеге мыйзамды коомчулук, медиа өкүлдөр менен ачык эле талкуулоодон тайсалдап жатышат?

Айнура Арзыматова: Мыйзам долбоорунун негизги идеясы чет мамлекеттин жарандарында 100 пайыз үлүш болбош керек деген нерсе болуп жатат. 1992-жылдагы мыйзам кабыл алынып жатканда тарыхый заман, геосаясий абал башкача болгон. Советтер союзу кулады. Геосаясий, маалымат согушу жок болду. Ошондо эйфориянын толкунунда Аскар Акаев 100 пайыз чет элдикке каржылоого уруксат бериптир. Андан бери 23 жыл өттү, азыр дүйнөлүк саясий ахыбал такыр башка. Сырттан коркунуч көп. Ошондуктан мыйзам керек.

Сөз эркиндигин тушаган мыйзам
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:04 0:00

"Азаттык": Азамат мырза, социалдык тармактарда эксперттер бул мыйзамдын башкы максаты “Азаттык” радиосун ооздуктоо деген кооптонууларды айтып жатышат. Ошол эле кезде Би-Би-Си, “Спутник”, “Заман” сыяктуу көптөгөн ММКларга тиешеси жок болот деген сөздөр айтылууда. Кожобек Рыспаев болсо бул мыйзам "Азаттыкка" тиешеси жок деп, болгону телеканалдарга тийиштүү деп жатат. Бирок азыр мультимедиа өнүгүп жаткан заманда маалымат каражаттарынын ТВ долбоорлорго тиешеси жок деп айтуу мүмкүнбү?

Азамат Тынаев: Мына азыр болуп жаткан башаламандыктын күнөөкөрү Кожобек Рыспаев болуп жатат. Анткени бир жума өтпөй анын үч-төрт түшүндүрмөсүн уктук. Кайсынысына ишенели?

Биринчисинде "Азаттыкка" каршы эмес, телевидениеге каршы деп чыкты. Анда телевидениеде иштеген кесиптештерибиздин кызыкчылыгын сатып ийишибиз керекпи? Андай эч качан болбойт. Биз бирдиктүү кадамга даярбыз, биздин үнүбүз бар. Аны парламентке билдирдик.

Эми карагыла, баштапкы айткан сөздөрдөн танып, бүгүн мыйзам долбоорун кайра биринчи жолу чыгаргандай көрсөтүп жатат. Телевидение деген менен мыйзам долбоордо ЖМК деп жазылып, аталып жатат. Анын ичинде телевидение, радио, сайт баары кирет. Бул дискриминациялык мыйзам кабыл алынып калчу болсо, бул ар кайсы ММКга коркунуч туудурат. Ооба, дүйнөдө маалымат согуштары болуп жатат. Аны тана албайбыз. Бирок парадокс эмнеде? Кыргызстанга каршы маалымат чабуулдар жасалганда дагы алар тыштан келип жатат, бизде иштеген ММКдан эмес. Анткени бизде иштегендер Кыргызстандын кызыкчылыгына, коомдун коопсуздугуна каршы келген саясат жүргүзө турган болсо, сот аркылуу аны эртеси күнү эле жаап коюуга мамлекеттин кудурети жетет. Азыркы 20 пайыз деген нерсе бизди артка тарта турган мыйзам болуп жатат. Азыр биздин ММКлар ансыз деле оор финансылык абалда турушат.

"Азаттык": Айнура айым, 20 пайыз жөнүндө сөз болуп жаткан, эми 35 пайыз деп жатышат. Мыйзам демилгечилери буга чейин мыйзам долбоорун чийки деп кайтарып алган менен, бул жолу аны ошол бойдон эле алып келип добушка коюшту. Анан экинчи окууда оңдолот деген убадалар берилди. Ошондо депутаттар эмнеге добуш берди, 20 пайызгабы же 35 пайызгабы? Коомчулукту будамайлап алдап койчу оюн болуп кеткен жокпу?

Айнура Арзыматова: Эми бир четинен биздеги кадр маселелери абдан кызыктай болуп жатат. Ошондой эле маселе депутаттардын деңгээлинен чыгып жатат. Долбоорду абдан кылдат иштеп чыгуу керек эле. Булар ойлоду го ошол 20 пайыз десе баары макул болот депчи. Андай оюн деле болбосо керек. Менимче, ошол мыйзам долбоорун иштеп чыккан комиссия сабатсыз, квалификациясыз болуп калды окшойт. Мисалы, Кожобек Рыспаев базалык адистиги такыр эле гуманитардык чөйрөдөн алыс экен. Укканыма караганда ветеринарбы, бирдеме экен да. Жогорку Кеңеште азыр бүт эле мыйзам долбоорлору башаламан болуп алынып атпайбы. Айткылачы, ушул убакка чейин кайсы долбоор нормалдуу түрдө келип, ушундай бир тынч кабыл алынды, ызы-чуу менен эле жүрүп жатпайбы.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG