Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:03

Обама: АКШ менен Британиянын мамилеси бекем


Барак Обама жана Дэвид Кэмерон Лондондогу сүйлөшүү учурунда. 22-апрель, 2016-жыл.
Барак Обама жана Дэвид Кэмерон Лондондогу сүйлөшүү учурунда. 22-апрель, 2016-жыл.

Британиянын “өзгөчө мамилеси” британиялыктар кечээги референдумда Евробиримдиктен чыгуу жөнүндө чечим кабыл алганына карабай бекем бойдон калат.

Барак Обама ошондой эле өз билдирүүсүндө Улуу Британиянын НАТОго мүчөлүгү АКШнын тышкы, коопсуздук жана экономикалык саясатынын өзөк маселеси бойдон каларын да кошумчалады.

Обаманын айтымында, ушундай эле мамиле бүткүл континентте жана анын сыртында стабилдүүлүккө, демократиялык баалуулуктар менен идеалдарды жайылтууга көмөктөшүү, экономикалык өсүштү стимулдаштырууда көп иш жасаган Евробиримдик менен алака-катышка да жасалат.

АКШ президенти апрелде Европадагы, анын ичинде Улуу Британиядагы сапары учурунда британиялыктарды Евробиримдикте калууга чакырган болчу. Обама өз билдирүүсүндө “Улуу Британиянын эли өз сөзүн айтты, биз алардын чечимин урматтайбыз”,- деп белгиледи. (UE)

XS
SM
MD
LG