Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:50

Испаниядагы шайлоодо премьер-министрдин партиясы жеңди


Премьер-министр Мариано Рахой.
Премьер-министр Мариано Рахой.

26-июнда Испанияда парламенттик шайлоо өттү. Анда бийликтеги консервативдик Элдик партия орундардын көбүн алды. Бирок, бир да партия парламенттик көпчүлүктү ээлей алышкан жок.

Өкмөт башчы Мариано Рахойдун партиясына 350 орундун 137си тиери маалым болду. Ал эми экинчи келген Испания социалисттик жумушчулар партиясы 85 орунга ээ болот. Ашынган солчул “Подемос” 71, оңчул-улутчул “Жарандар” партиясы 32 орун алышкан.

2015-жылы өткөн шайлоодо да төрт партия парламентке келген. Бирок бири да басымдуу көпчүлүк орунду ээлей алган эмес. Бирок алар ичара биригип коалиция же өкмөттү курай алышпагандыктан май айында парламент таркатылган.

XS
SM
MD
LG