Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

ИИМ: Стамбулдагы чабуулга кыргыз жаранынын катыштыгы тууралуу расмий маалымат жок


Стамбулдагы террордук чабуулдарды уюштургандардын арасында кыргыз жараны бар деген маалыматтын расмий бышыктоосу жок. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев билдирди:

- Тактоо иретинде териштирүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Бирок алардын арасында биздин жаран бар болчу деп айта албайбыз.

28-июнда Стамбулдун Ататүрк аэропортундагы террордук чабуулдан 40тан ашуун адамдын өмүрү кыйылды.

Айрым маалыматтарга караганда аэропортто чабуул уюштургандардын үчөө тең Чеченстандан чыккандар болгон.

Ал эми түркиялык Хүрриет жана Миллиет басылмалары террорчулардын бири дагестандык, экинчиси өзбекстандык, дагы бирөө кыргызстандык экенин айтууда.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрилиги "Стамбулдагы кыргыз консулдугунун кызматкерлери шаардын Террорчулукка каршы башкармалыгынын өкүлдөрү менен жолукканда бул маалыматты бышыктаган жок" деп билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG