Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:08

Мигрантты кылтакка илген шылуундар


Иллюстрация
Иллюстрация

Москвада мекендештер мигранттык турмуштун сыноолорунан тышкары чоң шаарда көз боёмочу шылуундардын торуна түшүп, акчасынан ажырап, жагымсыз жагдайларга туш болуп келет.

Коюнуна 17 миллиондой калкты батырган кең Москвада жеңил акча табуунун жолун таап алган көз боёмочу шылуундар, алдамчылар четтен чыгат. Көбүнчө алар чоң шаарга жаңы келгендердин эсебинен акча өндүрүп келишет.

Москвага жакында эле келип, бир туугандары менен батир издеп жүргөн Бакыт Турдумамбетов мындай шылуундардын иш билгичтик менен кеңири жайылган тузагына илинген.

- Батир издеп агенттиктерге барсам, эч кандай жыйынтык болбоду. Анан метронун оозунан үй ээсинен батир берилет деген жарыяны көрүп чалсам, дароо “келгиле, көргүлө” дешти. Дарек боюнча бардык, Алексей деген жигит досу менен тосуп алышты, батирди, үйдүн документтерин көрсөтүштү. Биз батирди жактырып, оозеки макулдаштык. Анан расмий кагаз түрдө келишим түзөлү деп эртеси жолукмай болдук. Эртеси барсак, алар нотариустан чыгып, бизди күтүп жатышыптыр. Бардыгын даярдап койдук деп, документтерди колубузга беришти. Эми батирге кете бергиле, апам күтүп жатат дегенинен бир аял менен телефон аркылуу байланышып, аны менен дагы макулдаштык. Анан эле батирге келсек, батир бек, эч ким жок. Аял болсо телефондон “силер биринчи акчасын – 30 миң рублди төлөгүлө, анан силер менен жолугам” дегенде берген банктагы эсебине акчаны котордук.

Бакыт 30 миң рублди талап кылынган банктагы эсепке которгондон кийин батир берчүлөр дайынсыз кетишкен. Ал эми алар менен түзүлгөн ижара келишими жасалма документ болуп чыккан.

Чоочун жерде алдамчыларга кабылган Бакыт жергиликтүү ички иштер кызматкерлерине кайрылуудан эч кандай майнап чыкпаганын белгилейт.

- Банкка барып акчабызды кайтара албай койдук. Телефон чалсак алышпайт. Анан “акчабызды кайтарбасаңар полицияга кайрылабыз” деген кыска СМС жөнөтсөк, кайра бизге чалып алышып, “өлтүрүп кетебиз” деп коркута башташты. Айла жок, полицияга арыз менен кайрылдык. Бирок бул жактагы полиция биздин арыздарды карабайт көрүнөт. Телефон чалсак, алгылыктуу жооп беришпейт, эч кандай иш алып барышкан жок, эч бир майнап чыкпай жатат.

Москвада мигранттар көп туш болуучу көз боёмочулук "ишмердүүлүктүн" дагы бир түрү жумушка орноштуруу убадаларына байланыштуу. Алтынай Таабалды кызы кандайча ишке орношууга барып, акчасыз кайтканын айтып берди:

- “Авито” деген сайттан жумуш берилерин окуп, телефон менен байланышып бардым. Жаңы курулган имаратта иштейсиңер, күнүнө 2,5 миң рубл беребиз дешти. Ал киши менен иш боюнча келишим түздүк. Анан ал бизге “1,5 миң рубл бергиле, ага силерге форма, ишке керектүү аспаптарды алабыз, кийин иш башталганда бул акчаны кайтарабыз, силер эртеңден баштап ишке чыгышыңар керек” деди. Акчаны берип коюп, эртеси ал айткан жерге барсак, курулуш жүрүп жатыптыр, бирок бизди жумушка алды деген ишкана чындыгында жок болуп чыкты. Тиги биз менен келишим түзгөн кишини дагы таппай калдык. Мени менен эки-үч адам барган болчу. Паспортун сурабай ката кетириптирмин.

Москвада мигранттар батир менен жумуш табуу маселесинде гана эмес, ишке орношууга керектүү документтерди алууда, авиабилет сатып алуу жана башка бир топ жагдайларда аферисттик торчолорго түшкөн учурлар кездешет. Мындай кылмыш иштери менен жан баккан мекендештер дагы бар.

Мигранттарды сызга отургузган аферисттик схемалардын көбөйүшүнө жарандардын жергиликтүү ички иштер органдарына кайрылбагандыгы, кайрылган учурда деле полиция кызматкерлеринин мигранттардын арыздарына көңүл кош мамиле кылгандыгы себеп болуп келет.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG