Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:06

Орусияда кылмыш кылтагына илинген кыргыздар


Өткөн жылдын акырына карата Орусияда Кыргызстандын 2,5 миң жараны абакта отурат. Бул бир жыл мурдагыга караганда көбүрөөк.

23-февралда Орусиянын Калининград шаарында Кыргызстандын эки жараны зордуктоо боюнча айыпталып кармалганы белгилүү болду. Ошол эле кезде айыпсыз түрмөгө кесилип кеткен мигранттар да көп экени айтылып келатат.

Зордуктоого шектелген кыргыздар

23-февралда Калининград шаарында иштеп жүргөн Кыргызстандын эки жараны зордуктоо беренеси боюнча айыпталып кармалды. Орусиянын укук коргоо органдары тараткан маалыматта 23 жана 29 жаштагы эки кыргыз 15 жаштагы орус кыз менен өздөрү куруп жаткан имараттын жанында чогуу пиов ичип отуруп, зордуктап коюшканы айтылат.

Бирок Калининград шаарында иштеген Жеңиш аттуу Кыргызстандын жараны окуянын мындайча болгонунан күмөнү бар.

- Бул балдар андай ишке барбайт болчу. Алар бул жерде чатыр жаап иштечү. Ошол кыз булар иштеп жаткан жерге “пиво алып бергиле” деп өзү келген экен, анан булар алып беришип, чогуу ичишиптир. 15 жаштагы кыз эмне үчүн өзү буларга келет?

Жеңиш зордуктоого айыпталган эки жигит куру жалаага кабылып, же атайын тузакка түшүп калды деген ой менен Москвадагы элчиликке арызданып, көмөктөшүүнү суранууда. Анын айтымында, өз укугун коргой албай, же тил билбей соттолуп кеткендер болот.

- Бир ирет документим жок мен да үч суткага камалып калгам. Ошондо бир бала да отурган. “Орусча билбейт элем, “точно он, точно он” десе эле камап салышты деп айткан. Ушинтип камалып кеткендер көп.

Учурда бул окуя боюнча элчилик да териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Ушул жумада эле Москвада дагы бир кыргыз жигити машина айдап качканы үчүн туткундалса, Якутияда кыргыз аял милицияга пара бергени үчүн кармалды. Бирок булар акыркы апталардагы окуялардын толук тизмеси эмес.

Орус телеканалдары мигранттарды “сүйөт”

Орусияда чет элдиктер тарабынан жасалган кылмыштар жалпы кылмыштардын 3 пайызын гана түзөт. Ал эми КМШга мүчө мамлекеттердин жарандары тарабынан жасалган кылмыштардын саны андан да аз. Өлкөдөгү кылмыштардын 97 пайызы орустардын өздөрү тарабынан жасалганына карабастан, Орусиянын борбордук телеканалдары мигранттар тарабынан жасалган кылмыштарды өзгөчө басым коюп көрсөтүшөт. Мындай көрүнүшкө Орусияда иштеген эмгек мигранттары нааразы.

Москвадагы “Кыргызстандыктар” биримдигинин төрагасы Эгемберди Мырзабеков канткен менен бул мигранттар тарабынан жасалган кылмыштар айтылбай, көз жаздымда калышы керек дегенди билдирбестигин айтат:

-Телеканалдар мигранттардын жаман жагын көрсөтүүгө аракет кылышат. Эгер жалпы алып караганда, булардын өздөрү жасаган кылмыштар да толтура. Албетте, эми биздин жердештер жасаган кылмыштар да бар. Бирок алар эң көп дегенде 5-6 пайыз. Бирок кандай гана кылмыш болбосун, ким тарабынан жасалбасын, ал өз жазасын алыш керек.

Мырзабеков кылмышка жана күтүүсүз кырсыктарга кабылбаш үчүн мигранттар жүрүм-турумун оңдоп, маданиятын да жогорулатышы керек деген ойдо:

- Кайсы жерде болбосун, барган жердин шартын, мыйзамын сыйлаш керек. Ошондой кыла турган болсо, кылмыш да болбойт, башка да болбойт. Мыйзамдарды сыйлабай, Москванын шартын сыйлабай жүрүп, ошондон улам көп нерсеге кабылып жатышат.

Эки жарым миң кыргыз абакта

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматы боюнча 2478 адам Орусиянын абактарында отурат. Москвадагы кыргыз элчилигинин 2-катчысы Айымкан Кулукеева буларга токтолду.

-2013-жылдын жыйынтыгы боюнча, Орусиянын абактарында Кыргызстандын 2478 жараны отурат. Алар түрдүү кылмыштар менен соттолгон. Маңзат соодасы, адам өлтүрүү, алдамчылык жана талап-тоноочулук менен отургандар бар. Кээде болбогон эле бир иштер менен отуруп калгандар да болот.

Бирок Орусияда соттолгону менен алар эки өлкөнүн ортосундагы келишимдин негизинде жаза мөөнөтүн Кыргызстанда өтөөгө мыйзам жол берет. Бирок бул мүмкүнчүлүктөн пайдалангандар аз. Орусиядагы элчилик бул боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, абактарда отургандарга 1300дөн ашык кат бергенине карабай, бир жыл ичинде болгону 18 гана адам Кыргызстандагы түрмөлөргө которулган. Анткени жаза мөөөнөтүн Кыргызстанда өтөө мүмкүнчүлүгүнөн пайдалануу үчүн кат жазып кайрылгандар жокко эсе. Мыйзам боюнча мындай өтүнүч менен өздөрү же туугандары да кайрылса болот. Элчилик өкүлүнун айтымында, жаза мөөнөтүн өз мекенинде өтөө мигранттар үчүн бир кыйла оңой болмок.

Эксперттер Орусияда кыргыз жарандары жасаган кылмыштардын өсүшүн ал жакта мигранттардын жылдан-жылга көбөйүшү менен түшүндүрүүдө. Ошол эле кезде чет элдиктерге жана мигранттарга карата орусиялыктар тарабынан жүздөгөн оор кылмыштар жасалат. Орус ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, чет элдиктерге жана мигранттарга жасалган кылмыштардын саны 2013-жылы 13,2 миңден ашкан.

XS
SM
MD
LG