Бишкекте күйөөсүнөн бычак жеген 39 жаштагы аял ооруканага жаткырылды. Окуя кечээ кечинде Ак-Жар конушунда болгон.
"Тез жардам" кызматынын маалыматына караганда ал күйөөсүнүн зомбулугуна кабылган.
Көптөгөн жараат алган келин баш мээси чайкалып, нес болгон абалда доктурга түштү.
Үй-бүлөлүк чырга эмне себеп болгонун милиция териштирүүдө. (RK)