Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:38

Бакиевдердин банкиринин ымандай сыры


Евгений Гуревич
Евгений Гуревич

Кээде финансисттин жашоо-турмушу укмуштуу окуяларга жык толгон романдай эле кызыгуу жаратышы мүмкүн. Анын үстүнө ал Кыргызстанда иштеп калса. Беркли университетинин дипломуна ээ 39 жаштагы финансист Ев­ге­ний Гу­ре­вич ушу тапта Алабама штатындагы Монтгомери федералдык түрмөсүнүн китепканасында керелден кечке отурган кези.

Ал акция, баалуу кагаздарды соодалоочу инсайдердик иш-аракеттерге байланышкан алдамчылык боюнча беш жылга эркинен ажыратылып, жаза мөөнөтүн өтөөдө.

Гуревичтин кантип темир тор артында отуруп калган таржымалы Уолл-стрит үчүн адаттан тыш окуя, иши ийгиликтүү жүрүп жаткан финансисттин минтип түрмөгө түшүп калышы кимдин оюна келиптир?

Гуревичтин кантип түрмөгө отуруп калганы аныгына караганда апыртмасы арбыныраак таржымал, жүрөк үшүн алчу криминалдык триллер, дене-бойду дүркүрөтчү тагдырдын тамашасы, анан да бул мамлекет жанын жеген шумпайды жанына өтөле жакындатып алса эмне болорун апачык көрсөтчү афсанага жарай турган баян.

Гуревич өзү Bloombergге, ага чейин тергөөчүлөргө берген көрсөтмөлөрүндө тышкы дүйнөгө жабык мурдагы советтик республикалардын бири Кыргызстанды кантип талап-тоноого катышканын, ошол иштерге күбө болгонун, жабыла келип республиканы кантип паракорлуктун сазына отургузуп салышканын жашырбай айтып, айыбын моюнга алганын ырастоодо.

Бир учурда кылмышкерлер тобуна баш-көз болууга жетишсе, башка учурда италиялык мафия менен байланыш түзүп, алар аны уурдап да кеткен жайы бар. Анын тарых-таржымалы канчалык ойур-буюрмалуу болбосун, ушу тапта ал мыкты тыңчы, америкалык атайын кызматтардын ишенген кожосуна айланып отурат. Гуревич айтып берчү аймакта мамлекеттин каржыга байланышкан иштердин баары жашырын-жабык жасалат, жашырын сыр катары ачыкка чыгарылбайт. Борбор Азия өлкөлөрүн изилдеп келаткан Бернард коллежинин саясат таануучу профессору Александр Кулинин айтуусунда, бийликтин былык иштеринин келебин чубап чыгууга “бул жигит керектүү учурда, керектүү жерде болуп калбадыбы”.

Ордуна коюучулар командасы

Гу­ре­вич өзү да билгендерин жашырбай айтып, кедей өлкөлөрдүн уурдалган акчаларынын артынан түшүп, таап кайтарып берчү АКШнын Юстиция министрлигинин командасына колунан келген жардамын көрсөтүүдө. 2015-жылдын майында Юстиция иштери боюнча башкармалыктын юристтери, Федералдык иликтөө бюросу менен Кыргызстандын өкүлдөрү Алабама штатындагы түрмөнүн жыйын залында Гуревичти эки күн бою 14 саат суракка алышкан. Кабардар булактардын ырасташынча, ошол сурактардан кийин Юстиция министрлигинин долбоору - бийликтеги уурулар кымтып кеткен активдерди кайтаруу боюнча демилгелердин кызматкерлери эки жылдан кийин биринчи ирет Кыргызстандын активдеринин изине түшкөн. Бирок дагыле Гуревич айтып берген маалыматтарды прокурорлор пайдаланып жатканы белгисиз, аны мыйзам сакчыларынын колдонору да күмөндүү.

Гуревич өзү Bloombergге, ага чейин тергөөчүлөргө берген көрсөтмөлөрүндө Кыргызстанды кантип талап-тоноого катышканын, ошол иштерге күбө болгонун жашырбай айтып, айыбын моюнга алганын ырастоодо.

Гуревич болсо АКШга активдер менен баалуу кагаздарды соодалоого байланышкан иштерди иликтөөгө чын дилден көмөк көрсөтүп, бирок тергөөнү атайылап башка жолго багыттоо үчүн эсепте турган 6 миллион долларды уурдап алганын айтууда. Анын бул иши прокурорлорго жакпашын, ишенимден ажырагандан башкага жарабасын жакшы билет.

Bloomberg Newsка берген маегинде Гу­ре­вич Юстиция министрлиги ага тишин кайрап отурганын жашырган жок. Алдамчылык боюнча өкүм чыгарып жаткан сот 6 миллион доллар уурдоону “ишенимден кетүүнүн эң жаман жосуну” деп белгилеп, кылмышкер “чин дилинен” айыбын моюнуна албаганын билдирди. Юстиция министрлигинин өкүлү Гуревич тууралуу кеп кылууну же тергөө тууралуу айтууну каалаган жок. Гуревич өзү жаза мөөнөтүн кыскартуу үчүн кимге болсо да билгенин айтып берүүгө даяр. Кайталаганы эле бул: “Мен Кыргызстанга ал өлкөнү тоноп кеткени келген эмесмин. Бул айтыла берчү сөздөй сезилиши мүмкүн, бирок мен жок дегенде кызымдын алдында уят болбоюн дейм. Ал чоңойгондо көзүнө тике карап, анын атасы анча деле жаман адам болбогонун түшүндүрүп коюу керек”,- дейт.

Курманбек Бакиев
Курманбек Бакиев

Анын айткандары Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев менен уулу Максимге байланышкан жемкорлук боюнча тергөөнүн узарып кетишине бир топ тактоолорду киргизмекчи. 2005-жылкы жоогазын революциясынын аркасы менен Кыргызстанды толук көзөмөлүнө алган үй-бүлө бир кезде АКШнын террорчулукка каршы күрөштө өнөктөшү болчу.

Ал бийлик да 2010-жылы кулады, жаңы өкмөт Гуревич менен Максим Бакиевге коррупция боюнча сыртынан өкүм чыгарды. Ба­ки­ев 130 миллион доллардан ашуун мамлекеттик каражаттарды уурдап кеткени үчүн күнөөлүү деп табылган. Гу­ре­ви­чти башкалар катарында күйүүчү май кампасын мыйзамсыз сатууга катышы бар деп соттошкон. Гу­ре­вич ал сотту мыйзамсыз деп эсептейт.

Максим Ба­ки­ев ушу тапта Лондондун түштүк жагындагы тик боорлуу адырлар арасындагы Суррейде жашайт. Ал жерде чынжырлуу байлар турат. Bloombergдин анын адвокаттары аркылуу комментарий берүүсү тууралуу өтүнүч катына Максим жооп берген жок. Атасы болсо Беларус президентинин канатынын алдында калканчта, ошого ишенип күн көрүүдө.

Гу­ре­вич толук, бети жайык, жүзүн сакал баскан, такай көз айнекчен жүрөт. Жердиги орусиялык, Москвада төрөлгөн, атасы менен ажырашкан соң 1990-жылы апасы уулун алып, Сан-Франциского көчүп келген. Бир нече жылдан кийин ал АКШ жарандыгын алган. 1999-жылы Берклидеги Калифорния университетинин бизнес чөйрөсүндөгү бакалавр даражасын алган.

Инвестициялык банк

2008-жылы Нью-Йоркто эл аралык бизнес кеңешчи болуп иштеп жүрүп Гуревич өнөктөштөрү менен, арасында Максим Бакиев да бар, Кыргызстанда инвестициялык банк ачышат. Гуревич тергөөчүлөргө айтып бергендей, ошол жерде Бакиевдин “массалык” коррупциялык схемасына күбө болгон. Өкмөттүк долбоорлордон өөнөлгөн, парага делген самандай сапырылган акчаны капка салып ташыгандарын көрдү, өзү да катышып калды. Маселен, кайсы бир компания Бакиевге “Кыргызстанда иштегенге мүмкүнчүлүк жана укук бергени үчүн” ири суммадагы пара берип турчу. Мунун баары стенограммада жазылуу.

Hyatt мейманканасында арналып тигилген кийимдерди кийип көрүп атышканда кайсы бир бизнесмен Бакиевге бир “сумка толо акча” – пара бергенин өз көзү менен көргөн.

Bloombergге берген маегинде Гу­ре­вич бул тууралуу кенен айтып берди. Маселен, анын айтуусунда, Бакиев ал компаниянын офисинен 2 миллион доллардык параны кимдир бирөөлөргө алып келүүнү тапшырчу. Гуревичтин айтышынча, “мен ал жерге башка эле бир иш менен барып калсам, ал телефон чалып, "чыгарыңда ал жерде мага деген пакет бар, ошону ала кел” дечү”.

Гуревич тергөөчүлөргө атайын тигилген костюмдар тууралуу да айтып берген. Ал костюмдар Ооганстанда согуш жүрүп жатканда Кыргызстанда жайгашкан америкалык авиабазага күйүүчү майларды жеткирип турчу компания менен контрактка байланыштуу паралар болчу.

Bloombergге берген маегинде Гу­ре­вич мына ушул жагдайга жакшылап токтолуп, кымбат баалуу костюмдарды Бакиев менен компаниянын өкүлү Кыргызстанга алыстан атайын учуп келген италиялык дизайнерден сатып алышканын билдирди. Hyatt мейманканасында арналып тигилген кийимдерди кийип көрүп атышканда кайсы бир бизнесмен Бакиевге бир “баштык толо акча” – пара бергенин өз көзү менен көргөн. Бирок да, Гуревич айткан андай бейгам кездер тез эле өтүп, 2010-жылы төңкөрүштөн кийин оор мезгилдер башталды, Максим Бакиевдин атасы кызматтан куулду. Бакиевдин чечен чаарбаштары Гуревичти таштап Беларуска качышты. Качпай калгандары Гуревичтин Bloombergге айтуусунда, мурдагы режимге кызмат кылгандарды издеп таап, бир четтен сындыра башташты. Гуревич көп өтпөй чечен чаарбаштарынын колуна түшкөнүн, алар чоң акчага Кыргызстандан алып чыгып кетишерин сунуш кылганын айтып берди.

Максим Бакиев
Максим Бакиев

Гуревичти машиненин артына төшөккө ороп жашырып Казакстан чек арасынан алып өтүшкөн. Аны менен байланышты үзбөй кармап турган адвокат Марк Агнифило соттогу соңку отурумда Гуревичти уурдап кетишкенин ырастады. Анткен менен Гуревичти Максим Бакиев сактап калды. Ал үй-бүлө мүчөлөрү пайдаланып келген менчик учакка Гуревичти отургузуп алып Беларуска алып келүүгө жардам берген.

Бакиев өнөктөшүн өлтүрбөй сактап калуунун акысын 2 миллион долларга баалап, аны Гуревич акташы үчүн инвестицияларын ыктуу жайгаштырууну сунуш кылган. Кыязы, кийин алар соодалоонун инсайдерлик схемасына көчкөн болуу керек. Бизге берген маек менен кылмыш иштин материалынан көрүнүп тургандай, анын Британияда эки тыңчысы бар болчу. Кийин ушул экөө, аларга Лонг-Айлендден келген үчүнчү тыңчы кошулуп, инсайдерлик соодада күнөөлүү экенин жарыша айтышканы менен алардын бири да жоопкерчиликке тартышкан жок.

Кысым алдында

Убакыт учуп өтүп атты, Гуревич өзүнүн айтуусунда, Беларустан чыга албай айласы кетип, дагы эле Бакиевдердин “кол баласы” катары калып жатты. Ал арада Гуревичке Кыргызстан менен Италиянын бийликтери кызыгып, сары изине түштү. Ага салыктан качканы үчүн айып тагылып, мафия менен байланышы айтыла баштады. Айласы куруган Гуревич АКШ бийликтерине инсайдер соодасы тууралуу айтып берүүнү ойлонуп, жагдайдан чыгуунун амалына киришти. Сырды ачыкка чыгаруунун арты түрмөгө барып такаларын билчү, бирок башка коркунучтардан кара башты калкалап чыгуунун ушул жолу дурус эле, тергөө менен кызматташтыгы үчүн анын жаза мөөнөтүн кыскартып коюшу да ыктымал.

Гуревич АКШ өкмөтүнө иштей баштады. Соттук документтерден көрүнүп тургандай, кийинки алты ай ичинде Бакиевдер менен өнөктөштөрүнүн узун-сабак сөздөрүн жашыруун жаза баштады. Мунун баары алардын инсайдер соодасына аралашканын айтып берүүгө, айыптоого негиз болмокчу.

Бирок орто жерден мурдагысынан 180 градус тескери бурулуп, тергөөгө жолтоо кылуу амалында Бакиевдердин эсебиндеги 6 миллион долларды өзүнүн эсебине которуп ийип жатпайбы. Бул 2012-жылдын мартында болгон окуя. Үч айдан кийин ал күнөөсүн моюнга алып, күбө катары алчу иммунитетинен баш тартты. 6 миллион долларды АКШ бийликтерине берди, ал акча ошол бойдон турат.

Мүлтүлдөк күбө

Гуревич тергөөдө күбө катары ишеничтен чыгып, аны менен Бакиевге каршы тергөөгө жолтоо болууну көздөгөнүн жашырбайт. Эмнеликтен Гуревичтин Максим Бакиевге жардам кылууну чечкени табышмак. Өзүнүн айтуусунда, Беларуста аны канатынын алдында калкалап калган Бакиевге ыраазы гана болушу керек. Мындай амал шарты келсе ишке ашып деле кетмек. Айыптоо материалдарынан айкын көрүнүп тургандай, Гуревичтин моюнга алуусунан кийин Бакиевге тиешелүү инсайдердик соода боюнча АКШ тарабынан жүргүзүлүп жаткан тергөө эч себепсиз токтотулуп, Максим Бакиевди Британияда жашап жаткан жеринен АКШга кайтарып берүү өтүнүчү АКШ өкмөтү тарабынан эч комментарийи жок токтотулду.

Гуревичтин айтуусунда, активдер Кыргызстанга кайтарылат, ошондо ал “кылган жардамы үчүн кандайдыр бир ыраазылык угарына” үмүт кылат. Ал арада Гуревич өзүнүн башынан өткөн окуялар тууралуу китебинин үстүндө катуу иштөөдө. Китептин болжолдуу аты – “Жашыруун кеңешчи”. Гуревич “Менин башымдан өткөндөрдү эл билишин каалайм” дейт.

Которгон Бекташ Шамшиев

Кененирээк бул жерде https://insider.pro/ru/article/91142/

XS
SM
MD
LG