“Брекситти” тездетишин талап кылган маанидеги катты 13-июлда Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск жана Еврокомиссиянын башчысы Жан-Клод Юнкер Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге жолдошту.
Өз катында Юнкер Лондондун мындан аркы пландары тууралуу билгиси келгенин ачык белгиледи.
Ушундай эле чакырык менен Тереза Мэйге Германиянын канцлери Ангела Меркель, Франциянын президенти Франсуа Олланд да кайрылды. Эки президент ошондой эле Мэй менен телефон аркылуу сүйлөшүп, коопсуздук жана миграция кризисин чечүү багытындагы кызматашууну уланта берүү керектиги тууралуу сүйлөшүшкөн.
Тереза Мэй болсо 23-июнда Британиянын Евробиримдиктиен бөлүнүүсүн колдогон өз элинин тандоосун аткарарын, болгону убакыт керектигин айткан.