Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:50

Конституцияны өзгөртүүгө каршы кол топтоо башталды


Конституцияны өзгөртүүгө каршы акциялардын бири.
Конституцияны өзгөртүүгө каршы акциялардын бири.

Социалдык тармактарда жарандык активисттер баштаган акция “Конституция 20-жылга чейин өзгөрбөйт!” деп аталат. Активисттердин белгилөөсү боюнча, Баш мыйзам 2020-жылдын сентябрь айына чейин өзгөрбөйт деген шарт 2010-жылкы референдумда чечүүчү мааниге ээ болгон. “Мурдагы президенттер да Баш мыйзамды каалагандай өзгөртүп, өздөрүнүн пайдасы үчүн колдонууга аракет кылганы эл үчүн трагедия менен аяктап жүргөн” деп айтылат акцияда.

Уюштуруучулар ошондой эле Баш мыйзамдын туруктуулугу гана өлкөдө бийликтин тынч жол менен алмашуусуна кепилдик бере аларын айтып, ал эми бийликтин улам алмашып туруусу өлкөнүн өнүгүүсүнө жол ачарын белгилешкен.

27-июлда Жогорку Кеңештеги төрт фракция Конституцияны өзгөртүү үчүн ушул күздө референдум өткөрүү боюнча демилге көтөрүп жатканы белгилүү болду. Жарандык активисттер бул бийликти узурпациялоого алып келет деп кабатырланышууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG