Бүгүн Чолпон-Ата шаарындагы КСДП партиясынын курултайында саясий кеңештин курамы өзгөрүп, жаңыланды. Анын курамына Бишкек жана Чүй облусунан Иса Өмүркулов, Фарид Ниязов, Албек Ибраимов, Ирина Карамушкина, Сапар Исаков, Мухтар Айнакулов, Асел Кодуранова, Марат Аманкулов, Кубанычбек Кулматов, Ашэра Халикова;
Ош шаары жана Ош облусунан Сооронбай Жээнбеков, Абдыманап Кутушев, Торобай Зулпукаров, Искендер Матраимов, Жапарбек Ормонов, Равшан Рыспаев, Тохтасин Раимжанов;
Ысык-Көл облусунан Жаңыл Желденова, Данияр Аттокуров, Анарбек Белеков, Узарбек Жылкыбаев;
Нарын облусунан Чыныбай Турсунбеков, Жылдыз Мусабекова, Дүйшөн Ирсалиев, Калыкбек Султанов;
Жалал-Абад облусунан Нурбек Касымбеков, Осмонбек Артыкбаев, Кыянбек Сатыбалдиев, Каныбек Түмөнбаев, Бакыт Субанов;
Баткен облусунан Икрамжан Илмиянов, Мурадыл Мадеминов, Жусубали Исаев, Мунарбек Насиров;
Талас облусунан Гүлкан Молдобекова, Алиясбек Алымкулов, Гүлнара Садырова кирди.
Курултай Ысык-Көлдөгү Рух-Ордо комплексинде өттү. Анда өлкөдөгү коомдук-саясий абал, жергиликтүү кеңештерге шайлоо, КСДПнын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, партиянын саясий кеңешин жаңылоо маселелери талкууланды. (NT)