Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:34

Спикер: "Себат" маселесин тиешелүү мекемелер талдайт


Фетхуллах Гүлен.
Фетхуллах Гүлен.

“Себат” билим берүү мекемелери боюнча Билим берүү, Тышкы иштер министрликтери жана күч органдары анализ жүргүзөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков 31-июлда Чолпон-Атадагы Социал-демократтар партиясынын курултайынан кийин “Азаттыктын” суроолоруна жооп берген учурда билдирди. Ал Кыргызстан Түркиянын мыйзамдуу бийлигин колдой турганын белгилеп, ошол эле маалда Фетхуллах Гүленге тиешелүү окуу жайлары боюнча маселени тиешелүү мекемелер талдап, анын жыйынтыгы чыгарыларын маалымдады.

Түркияда 16-июлда ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинен кийин расмий Анкара диний аалым Фетхуллах Гүлендин тарапкерлерин катуу кысымга алууда. Кыргызстанды да түрк бийлигин колдоп “гүленчилерге” мамилени өзгөртүүгө, “Себат” билим берүү мекемелерин жабууга чакырып, эгер андай кадамга барбаса эки өлкөнүн алака-катышына терс таасири тиерин эскерткен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги мындай мамилени мамлекеттин ички ишине кийлигишүү аракети катары баалай турганын ырастаган. Ошондой эле Түркиянын Кыргызстандагы менчик түрк мектептери боюнча сунушун кылдат иликтеп, зарылчылык болсо, тиешелүү чараларды көрөрүн маалымдаган. Түрк бийлиги соңку окуялар үчүн АКШда жашаган 75 жаштагы Фетхуллах Гүленди айыптоодо. Ал муну четке кагып, төңкөрүштү каршылаштарын тазалоо үчүн бийлик өзү уюштурганын билдирген. (NT/UEz)

XS
SM
MD
LG