Жолгушууда Орусиянын президенти Владимир Путин Каспий регионунда энергетикалык жана транспорттук жаңы долбоорлорду талкууга даярдыгын билдирди. Үч лидер биргелешкен жыйын өткөргөнгө чейин президент Путин 8-августта адегенде Илхам Алиев, андан кийин Иран президенти Хасан Роухани менен жекеме-жеке сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Алиев менен сүйлөшүүдө Путин үч тараптуу сүйлөшүү Каспий деңизинде жаңы долбоорлорду турмушка ашырууга алып келээрин белгилеген. Ал эми Роухани менен жолугушууда эки тараптуу экономикалык байланыштардын абалына канааттанусун билдирген. Үч президенттин сүйлөшүүсү жаңы транспорттук багыттын пайда болушуна жана сооданын өсүшүнө түрткү берери айтылууда. (AiT)