Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:50

Иракта террорчу лидерлердин бири жок кылынды


АКШ баштаган коалиция Иракта "Ислам мамлекети" террордук тобунун лидерлеринин бирин жок кылды.

CNN агенттигинин маалымдаганына караганда, Хажи Хамад деген ат менен белгилүү исламчыл экстремист АКШ аскерлеринин Сирия менен Ирактын чек арасында жүргүзгөн атайын операциясында өлтүрүлдү.

Хамад бул эки өлкөдө мунай казып алууну жана сатууну көзөмөлдөчү.

Былтыр өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук уюмдун мунай сатуудан көргөн кирешеси 500 миллион долларга жеткен.

Пентагондун айтуусунда, коалициянын Жакынкы Чыгышта жүргүзүп келаткан антитеррордук операциясы маалында жалпысынан 40 миңге жакын согушкер жок кылынды, быйыл жыл башынан бери "Ислам мамлекети" тобу мурда ээлеп алган территориянын 10 процентин алдырды. (RK)

XS
SM
MD
LG