Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги мигранттын өлүмүн тыкыр иликтөөнү суранды


Мындай өтүнүч Орусиянын укук коргоо органдарына жолдонгонун Москвадагы кыргыз элчилиги кабарлады. Мекеме Орусияда Борбор Азия жана Кавказ тургундарына кол салуулар буга чейин да болуп келгенин эске салып, бул сыяктуу кылмыштар кылдат иликтениши керектигин билдирди.

12-августта Москва шаарында 36 жаштагы кыргызстандык жаран Нурик Мундузов Рязанская көчөсүндөгү дүкөндө кол салууга кабылган. Кылмышкер Мундузовго жана 69 жаштагы армян тектүү дүкөн ээсине бычак сайып өлтүрүп кетишкен. Аларга жардам берүүгө келген дагы бир кишини жарадар кылышкан.

Полиция окуяны иликтеп жатат. Шектүү катары Иван Скоркин кармалганы, ал буга чейин карактоого катышканы үчүн соттолуп чыкканы белгилүү болду. Улуттук жек көрүүчүлүктүн курмандыгы болгон кыргыз жаранынын сөөгү өткөн аптада туулуп-өскөн Ош облусунун Кара-Суу районуна жеткирилди. (NT)

XS
SM
MD
LG