25-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Кыргыз тоо кыркасында жана Алай районунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11...16, күндүз 28...33
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 8...13, күндүз 26...31
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 15...20, күндүз 30...35
Баткенде түнкүсүн 15...20, күндүз 30...35
Ысык-Көлдө түнкүсүн 7...12, күндүз21...26
Нарын облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз21...26
Бишкекте 25-августта жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 14...16 градус, күндүз 30...32 градус болот.