Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:02

Атамбаев Убактылуу өкмөттү сындады


2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчолөрү Алмазбек Атамбаев менен Роза Отунбаева. 2010-жыл
2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчолөрү Алмазбек Атамбаев менен Роза Отунбаева. 2010-жыл

31-августта Эгемендиктин 25 жылдыгына карата Ала-Тоо аянтындагы сөзүндө президент Алмазбек Атамбаев Роза Отунбаева баштаган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн, өзүнүн мурдагы санаалаштарын кескин сындады.

Атамбаев: Баш мыйзамды өзгөртүү керек

Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Эгемендиктин 25 жылдыгына карата Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан салтанат учурунда билдирди. Ал Конституцияны өзгөртүү бүгүнкү күнү зарыл экенин, анткени мурунку бийликтин, авторитардык режимдин кайтып келишине катуу каршы туруу зарылдыгын айтты.

Атамбаев убагында өзү да мүчө болгон Убактылуу өкмөттүн Конституцияны өзгөртүүгө каршы чакырыгына да токтолуп, Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев жана Азимбек Бекназаров башында турган саясатчылардын аракетин сынга алды.

- Убактылуу өкмөт, анын ичинде Отунбаева мен Конституцияга өзгөртүү киргизүү менен президенттик мөөнөтүмдү узартып алат деп коркуп жатышат. Анткени мындай көрүнүш 2010-жылдагы референдум учурунда болгон. Ар ким өзүнө карап иш кылат, - деди ал.

Атамбаев Убактылуу өкмөткө сөөмөй кезеди
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:16 0:00

Ал соңку убакта айрым саясатчылар, депутаттар жана бир катар маалымат каражаттары Башмыйзамга байланыштуу өзүн сындап, каралап жаткандыктан бүгүн бул темага кайрылууну туура көргөнүн айтты.

- Мени бийликти узурпациялайт деп айыпташууда. Отунбаева, Текебаев, Бекназаров, Дүйшөбаев, Шерниязов башында турган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн кайрылуусу да ушундай ушактардын бири. Алардын 2010-жылы жарандар референдумда парламенттик башкаруу системасын ишеним менен тандап алган дегени калп. Анткени, биринчиден 2010-жылдагы Конституция өлкөдө парламенттик башкарууну киргизген эмес. Бул Конституция бизди авторитардык режимге бардык негиздерди салган президенттик-парламенттик башкарууга алып келди. Кайрылууда эл парламенттик башкаруу үчүн добуш берген деп атышпайбы. Ошондуктан аны өзгөртүү керек.

Атамбаев: Убактылуу өкмөт түзүүгө каршы болгом
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:19 0:00

Отунбаева аянттан кетип калды

Алмазбек Атамбаев жогорудагы сөздөрдү сүйлөп жаткан учурда Роза Отунбаева аянттан кетип калды. Отунбаева салтанат башталаарда Бишкектин мэри Албек Ибраимов менен премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун жанында турган.

Эгемендик: Отунбаева аянттан кетип калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:45 0:00

Атамбаев өз сөзүндө Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө башка да катуу сындарды айтты.

Маселен, 2010-жылдагы революциядан кийин жеке өзү утурумдук өкмөт түзүүгө каршы чыкканын жана Баш мыйзамды өзгөртүү аракеттерине да макул болбогонун айтты.

- Революциядан кийин биз Отунбаеванын бийлигин легалдаштырганбыз. Бул туура кадам болчу. Башынан эле мен Убактылуу өкмөттү түзүүгө каршы болгом. Конституцияны да чукул өзгөртүүгө каршы чыккам. Парламент Отунбаеваны спикер катары шайлоого даяр эле. Балким, ушундай жол мыйзамдуу болуп, кан аз төгүлмөк, - деди Атамбаев.

Текебаев: Атамбаевдин сөзү Кыргызстанды уят кылды

Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, өлкө эгемендигинин 25 жылдык мааракесинде өлкө башчысы өткөн тарыхка баа берип, келечекке максаттарды, тапшырмаларды коюшу керек болчу.

- Атамбаев бул күнү элдин башын бириктирген, ынтымакка чакырган сөздөрдү айтышы керек болчу. Мына ошондо чыныгы президенттин, лидердин деңгээли болмок. Бирок Атамбаевдин бүгүнкү сөзү Кыргызстанды уят кылды. Эгер өлкө жетекчисинин деңгээли ушул болсо, мындай мамлекеттин келечеги кыйын болот.

Өмүрбек Текебаев президент Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү аракети менен 2010-жылдагыдай абалга, контрреволюциячыл, эски режимди кайра жандандырууга алып баратат деген пикирин билдирди.

Каптагаев: Президенттин билдирүүсү саясий жаңжалдын башаты

Мындай пикирин Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн бири, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Эмилбек Каптагаев билдирди. Анын айтуусунда, президент Алмазбек Атамбаевдин эгемендик күнүндөгү билдирүүсү өлкөдөгү туруктуулукка шек келтириши мүмкүн.

- Президенттин сөзү абдан чоң саясий жаңжалдын башаты. Бул абдан туура эмес иш болуп калды. Азыр өзүнүн жеке оюн айтып жатат. Бул боюнча Убактылуу өкмөт мүчөлөрү өз пикирин билдиришет.

Каптагаев президент Атамбаевдин 2010-жылы Убактылуу өкмөттү түзүүгө каршы чыкпаганын билдирип, жакын арада Убактылуу өкмөт мүчөлөрү чогулуп, кеңешүүлөрдү өткөрөрүн маалымдады.

Убактылуу өкмөттүн Конституция боюнча чакырыгы

Буга чейин Убактылуу өкмөттүн бир катар мүчөлөрү Баш мыйзамды өзгөртүүдөн бийликти баш тартууга чакырган. Алар президент жана парламентке кайрылуу жолдоп, Конституциянын кол тийбестигин 2020-жылга чейин коргоо зарылдыгын белгилешкен.

Алар учурдагы Баш мыйзамды 2020-жылдын 1-сентябрынан кийин гана өзгөртүүгө мүмкүн экенин эске салышты.

Кайрылууга Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева баш болгон Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Элмира Ибраимова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Эмилбек Каптагаев, Болот Шер кол койгон.

Анда мурдагы Конституциялар да бийлик башындагылардын жеке кызыкчылыгы үчүн далай жолу ѳзгѳртүлгөнүн, ал эми учурдагы Баш мыйзам бийликти жеке басып алууга жол бербей турганы айтылат.

Ошондуктан Убактылуу өкмөт мүчөлөрү Конституцияга ѳзгѳртүү киргизүү демилгесине гана эмес, анын ички мазмунуна дагы каршы экенин жарыя кылышты.

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн бири Исмаил Исаковдун кечээ “Азаттыкка” билдиришинче, 2010-жылдагы жаңы саясий маданиятты жолго коюу үчүн Баш мыйзамды өзгөртпөө маанилүү:

- 2010-жылкы Конституциябызды өз мөөнөтүнө чейин сактайлы, ага чейин өзгөртпөй кое туралы деп кайрылуу кылдык. Жаманбы-жакшыбы бул Баш мыйзам өлкөдө туруктуулукту камсыз кылып берди. Баарыбыз ошондо убада берип, атайын чечим кабыл алганбыз. Ал Конституциянын нормасына кирген. Ошонун негизинде туруктуулукту сактап, кийинки президенттерге, кийинки муундарга үлгү болуп, бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүү керектигин айтып жатабыз. Ошондуктан Убактылуу өкмөт мүчөлөрү талкуулап, бир добуштан кайрылуу кабыл алдык.

Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү эмне дейт?

2010-жылдагы апрель ыңкылабынан соң түзүлгөн Убактылуу өкмөт 14 мүчөдөн турган. Алардын ичинен учурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен Социалдык-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Баш мыйзамды өзгөртүүнүн негизги демилгечилери болууда.

Ал эми дагы бир мүчөсү Темир Сариев атайын билдирүү таратып, Конституцияны өзгөртүүгө шашпоо керектигин билдирген.

Калган мүчөлөрү - Абдыганы Эркебаев, Топчубек Тургуналиев жана Дүйшөнкул Чотонов Конституция боюнча өз пикирин билдире элек.

Топчубек Тургуналиев Конституцияны өзгөртүүгө байланыштуу өз ою бар экенин билдирип, ошол себептүү кайрылууга кол койбогонун айтып чыкты:

- Мага Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Элмира Ибраимова келип, Азимбек Бекназаров телефон чалган экен. Мен кайрылууда чийки болгон жерлери бар экен жана өзүбүздүн атыбыздан дагы сунуштарды берели дедим. Мен 2010-жылдан бери люстрациялоо менен бийликти тазалоо зарылдыгын белгилеп келем. Мына ушул сунушту бергем. Бирок алар макул болгон жок, ошондуктан кол койгон жокмун.

Убактылуу өкмөттүн дагы бир мүчөсү Эмилбек Каптагаевдин айтымында, Конституцияны өзгөртүүгө каршы аракет кайрылуу менен чектелбейт:

- Жакынкы күндөрү дагы маалыматтар айтылат. Майрамдардын бүтүшүн күтүп жатабыз.

Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн билдирүүсү Баш мыйзамдын айланасындагы талкууларды дагы күчөттү.

Байкоочулар президент Алмазбек Атамбаев 2010-жылдагы үзөңгүлөштөрүнүн пикирин эске алышы керектигин айтышууда.

Референдум өтөбү же өтпөйбү?

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын өкүлү Динара Ошурахунованын айтымында, “ыңкылапчылардын” Баш мыйзам боюнча өз пикирин жарыялаганы орундуу болду:

- Бул саясатчылардын баары үй-бүлөлүк бийликке каршы күрөшүп, бири-бирине таянып өтүшкөн. Эми Алмазбек Атамбаев алардын пикири менен эсептеши керек болот. Кыргызстандын саясий айдыңы кичинекей эле. Көп деле саясатчы жок. Ошондуктан, мен кайрылуу негизинде Алмазбек Атамбаев Убактылуу өкмөт мүчөлөрү менен жолугуп, талкуулап алса абдан жакшы болмок.

Ал эми саясат таануучу Марс Сариевдин пикиринде, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн кайрылуусунан соң Баш мыйзам айланасындагы кырдаал өзгөрүшү мүмкүн.

- Убактылуу өкмөттүн кайрылуусу президент Атамбаевди моралдык жактан абдан оор кырдаалга такашы мүмкүн. Себеби алар кантсе да коомчулукта пикир жаратып жатышат. Президент бул кырдаалды эске алуу менен референдум өткөрүү демилгесинен кайтып, жазга калтырышы мүмкүн.

Анткен менен Баш мыйзамды өзгөртүүнүн демилгечилери аракетин токтотпой турганын айтууда. Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун айтымында, Баш мыйзамды өзгөртүү 2010-жылдагы ыңкылаптын максаттарына каршы келбейт:

- Референдумду өткөрүүгө мыйзам тыюу салбайт. Мен азыркы референдумду колдоп жатам. Аны колдоо керек. Бул жерде бийликти бир колго топтоо, узурпациялоо деген жок. Тескерисинче, бийликтердин ортосундагы тең салмактыкты камсыз кылуу, бир нече беренелерди редакциялык түрдө өзгөртүүлөр кирди. Негизги максат суверендүүлүктү сактап калуу. Ал эми менин мурунку коллегаларым каршы болуп жатса, өз сунуштарын берсин. Ага эч кандай тоскоолдук жок.

27-июлда парламенттеги КСДП, “Республика - Ата Журт”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү” жана "Бир бол" фракцияларынын лидерлери Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун өз ара макулдашып, ал коомдук талкууга коюлган. Оппозиция жана жарандык активисттер бул демилге бийликти узурпациялоого алып келет деп кооптонушууда.

29-августта президент Алмазбек Атамбаев Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдогон фракциялардын жетекчилери менен жолугушуп, сын-пикирлерди эске алуу менен бул багыттагы коомдук талкуу эки жумага узартылды.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG