Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:24

Түндүк Кореяда өкмөт мүчөсү өлүм жазасына тартылды


Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын
Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын

Түндүк Корея өкмөтүнүн билим берүү маселелери боюнча вице-премьери Ким Ён Чжин июль айында өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу бүгүн Түштүк Кореянын Биригүү министрлиги билдирди.

Аталган мекеменин өкүлү Чон Чжун Хи Сеулда пресс-конференцияда сүйлөп жатып "бул маалымат түрдүү булактардан алынганын" кабарлады:

- Биринчиден, премьер-министрдин билим берүү маселелери боюнча орун басары Ким Ен Жин июль айында өлүм жазасына тартылды. Ал эми Түндүк бириккен фронт департаментинин жетекчиси Ким Ен Чхоль айыл чарба жумуштарына жөнөтүлдү, - деди Чон Чжун Хи.

Алардын бири өкмөттүн жыйынында өзүн адепсиз алып жүргөнү үчүн, ал эми экинчиси жетектеген мекеменин ыйгарым укугун кеңейтүү аракети үчүн деген негизде атып өлтүрүлдү.

Түндүк Корея дүйнөдөгү эң жабык, авторитардык мамлекет деп эсептелет. (RK)

XS
SM
MD
LG