Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

Камакта жаткан оппозиционерлердин жакындары элге кайрылды


Камактагы оппозиция мүчөлөрү.
Камактагы оппозиция мүчөлөрү.

Президент Алмазбек Атамбаевдин 31-августта эл алдында сүйлөгөн сөзүн “Элдик парламент” уюмунун камакта жаткан мүчөлөрүнүн жакындары да сынга алууда. Алар "Элдик парламенттин" мүчөлөрүнүн үстүнөн тергөө, сот иштери бүтө электе эле, президент аларды шыбап, бул аракети менен сотторго “Элдик парламенттин” мүчөлөрүн кандай гана болбосун камоого көрсөтмө берди деп эсептешет.

Президент “Алар түрмөдө отурушу керек” деп айтты. Атамбаевдин оозунан мындай сөз чыккан учур биринчи жолу эмес, бул сөз май айында Энелер күнү айтылган, кийинчерээк Чолпон-Атада маалымат жыйынында айткан. Мамлекет башчы минтип айтпашы керек. Адам айыптуу болсо, аны сот чечет”, деп белгилеген кайрылуу ээлери 7-сентябрда боло турган сот кимдин көрсөтмөсү менен жабык өтөрү белгилүү болорун белгилешет.

“Элдик парламент” уюмунун лидерлери жана мүчөлөрү бийликти кулатууга аракет жасаган деген айып менен 12-майда камакка алынган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG