Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:53

Көчмөндөр оюндары: көк бөрү боюнча финалда Кыргызстан Казакстанды жеңди

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча финалда Кыргызстан менен Казакстан спортчулары беттешип, Кыргызстан 15:3 эсебинде жеңип алды. Оюн бүгүн, 8-сентбярда Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өттү.

Аталган эки команда акыркы жолу үч жыл мурда Астанада болгон Азия чемпиондугунда финалда таймашып казакстандыктар 4:2 эсебинде утуп алышкан эле. 2014-жылы Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна Казакстан командасы катышкан эмес.

Экинчи дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын көк бөрү мелдешинин коло байгесин кытайлык кыргыздардын командасы алган.

XS
SM
MD
LG