Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:12

Постсоветтик өлкөдө премьерлер кол балабы?


КАзак президенти Нурсултан Назарбаев менен Улуттук коопсуздук комитетине жетекчиликке дайындалган Карим Масимов.
КАзак президенти Нурсултан Назарбаев менен Улуттук коопсуздук комитетине жетекчиликке дайындалган Карим Масимов.

Мурдагы советтик өлкөлөрдө бир күндө эки премьер-министр кызматынан кетти. Казак өкмөт башчысы башка кызматка дайындалса, армяндардыкы өз каалоосу менен иштен алынды. КМШ чөлкөмүндө бат-бат алмашкан премьерлердин салмагы канчалык?

Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов 8-сентябрда кызматынан бошотулуп, Улуттук коопсуздук комитетине жетекчиликке дайындалды. Ордун убактылуу биринчи орун басары ээледи.

Масимов ушуну менен эки ирет премьерликтен кетти. Алгач ал 2007-2012-жылдары өкмөттү жетектеген. Анан президенттик администрацияны башкарып, 2014-жылдын апрелинде кайра мурунку ордуна келген.

Масимовдун убагы өлкөдө мунай менен теңгенин баасы түшүп, элдин социалдык абалы начарлаган учурга туш келди. Казакстандык саясат талдоочу Ерлан Саиров буга чейин Улуттук өнүгүү фондунан бир да өкмөткө Масимовго бөлүнгөнчөлүк каражат берилбегенин эске салат.

Ага карабастан, өлкө акыркы эки жылда алга жылган жок дейт талдоочу. Буга карабастан анын президентке түз баш ийген дагы бир таасирдүү кызматка баруусун Саиров мындайча чечмеледи:

- Диний экстремизм, терроризм, аны менен бирге саясий экстремизм күздө өрчүшү ыктымал. Ошон үчүн президент жакын адамдарын Коопсуздук комитетине коюп атат. Бул ички жана сырткы саясий маселелерди серептеп, элбашыга объективдүү маалымат жеткирүү жаатында дурус болушу ыктымал. Бирок коюлган максаттарга жетеби-жетпейби белгисиз. Анткени, элдеги ички акыбал социалдык-экономикалык жагдайга байланыштуу. Ал жагдай күндөн-күнгө начарлап баратат.

Масимов кесиби боюнча тилчи, экономист жана юрист. Премьерликке чейин экономикалык тармактарда иштеген. Коопсуздук тармагына биринчи ирет келүүдө.

Ошол эле маалда Казакстанда жакындагы террордук чабуулдардан улам коопсуздук маселеси күч алды. Буга байланыштуу өлкөдө террор коркунучунун "сары" чегинин мөөнөтү 2017-жылга чейин узартылган. Мына ушуга карабастан, чечүүчү кызматка иш тажрыйба, кесиптик дарамети туура келбеген адамдар коюлуп жатканы белгиленүүдө.

Оппозициялык саясатчы Серикболсын Абдилдин анын бир гана себебин көрөт.

- Бирөөнүн анда-мында барышы Назарбаевдин мүдөөсү үчүн жасалат. Андан башка себеп издөөнүн кажети жок. Келген өкмөт башчынын колунда бардыгы болгону менен иштеген иши ошо кишинин кабагына карап жасалат. Ошол себептен өзгөрүш күтпөйм.

Масимовдун ордуна келген биринчи вице-премьер-министр Бакытжан Сагинтаев кызматына бекисе өлкө эгемендик алгандан берки онунчу премьер болуп калмакчы.

Овик Абрамян
Овик Абрамян

Ошондой эле 8-сентябрда Армениянын 13-премьери Овик Абрамян кызматынан кетти. Армения да экономикалык, саясий кризисте турган учур. Буга байланыштуу өлкөдө элдик ынтымак өкмөтүн түзүү демилгесинен улам жаңы команда келери айтылууда.

Бирок армениялык экономист-журналист Бабкен Тунян орун алмашуудан өзгөрүү болоруна ишенбейт. Анын оюнча, келерки премьер эмки жылы өтчү парламенттик шайлоого чейин гана убактылуу отурушу мүмкүн:

- Бул эми номиналдуу, ара-чолодо отура турсун дегендей чечим болушу мүмкүн. Андан кийин эмне болорун эч ким билбейт. Чын-чынында бизде премьер-министрлер өз алдынча чечим кабыл ала албайт. Мисалы, Евразия экономикалык биримдигине киребиз деген жарыя биздин мурдагы премьерибиз Тигран Саркисянга сюрприз болгон. Анткени бизде эң маанилүү маселе андан жогорку деңгээлде кабыл алынат. Алар болгону кантип айтылса ошондой иштешет.

Постсоветтик өлкөлөрдүн көбү президенттик башкарууда. Маанилүү чечимдерди өкмөттүн компетенциясында экенине карабастан, көбүнесе президент кабыл аларын тажрыйба көрсөтүүдө.

Эгемендик алган 25 жыл ичинде Өзбекстан төрт, Тажикстан 11, Азербайжан 12, Орусия 15, Украина 23, ал эми Кыргызстан 27 ирет өкмөт башчы ооштурган. Ошол эле учурда жогорудагы айрым өлкөлөрдү бир гана президент башкарып келатканы маалым.

XS
SM
MD
LG