Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:07

Түркия ИМ тобунун 20 согушкерин жок кылганын жарыялады


Түркиянын Сирияга жөнөтүлгөн аскерлери. 26-август, 2016 -жыл.

Расмий маалыматка караганда, экстремисттик “Ислам мамлекети” тобунун 20 согушкери Сириянын түндүгүндөгү аба соккулар учурунда жок кылынды.

Армиянын Башкы штабынын 11-сентябрдагы билдирүүсүндө айтылгандай, алардын аскерий учактары ИМ тобуна караштуу делген үч имаратка, бир автоунаага жана бир мотоциклди бутага алган.

Башкы штабдын билдирүүсүндө ошондой эле эки жарым апта мурда башталган “Эвфрат калканы” операциясы чечкиндүүлүк менен улантыла тургандыгы да көргөзүлгөн.

Түркиянын учактары жана аскерий техникасы Сириянын түндүгүнө “Ислам мамлекети” тобуна каршы деп киргизилген, бирок буга чейин түрк аскерлери менен сириялык күрттөрдүн аймактагы күчтөрү ортосунда да кагылышуулар катталды. (UE)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG