14-сентябрда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
14-сентябрдын түнүндө Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8..13, күндүз 21...26,
Талас жергесинде түнкүсүн 5...10, күндүз 19...24,
Баткенде түнкүсүн 10...15, күндүз 22...27,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 11...16, күндүз 23...28,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 7...12, күндүз 16...21,
Нарын облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 17...22 ,
14-сентябрда Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн, күндүз жамгыр жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 10…12°, күндүзгү жогорку температурасы 23…25° жылуу болот.