Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:38

Эки президент ишенген Сегизбаев


Абдил Сегизбаев
Абдил Сегизбаев

Соңку кездери Кыргызстанда оппозициячыл күчтөрдүн, саясатчылардын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке дооматы күчөдү.

Тымызын жаздырылып алынган чуулгандуу аудио, видео тасмалар, анын негизинде оппозицияда жүргөн бир катар адамдардын камалышы, Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн аты аталган соңку окуялар саясий куугунтук тууралуу талкууга жем таштады.

Атайын кызматты былтыр ноябрь айынан бери Абдил Сегизбаев жетектеп жатат жана ага чейин ал бул мекемеде бир жылдай биринчи орун басар болуп турган. Мурунку президент Аскар Акаевдин маалымат катчысы болгон Абдил Сегизбаев азыркы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири катары сыпатталып келет.

Абдил Сегизбаевдин резюмеси жарым эле барактан турат. Ал 43 жашта. 1996-жылы Бишкектеги Кыргыз айыл чарба институтун аяктаган жана кесиби боюнча окумуштуу-агроном. Эмгек жолун “Сорос-Кыргызстан” фондунда баштаган. 1995-2000-жылдары бул фонддо “Жалпыга маалымдоо каражаттарын колдоо” программасынын, “Демократияны колдоо” фондунун координатору болгон. 2000-2003-жылдары Швейцариянын Эл аралык кызматташтык боюнча “Хельветас” уюмунда иштеген.

“Бир бол” партиясынын аткаруу комитетинин төрагасы Досалы Эсеналиев Сегизбаев менен “Сорос-Кыргызстан” фондунда, андан кийин президенттик аппаратта чогуу иштешкен. Ал Сегизбаев студент кезинде эле мыктылыгын көрсөткөнүн, стажировкага келген жаштардын арасынан суурулуп чыкканын айтып берди:

- Ал кезде студенттер өзүн көрсөтүү үчүн көптөгөн жумуштарды аткарчу. Уюштуруу жагынан да, компьютерди өздөштүрүү, адамдар менен тил табыша билүү жагынан да Абдилде студент кезинен эле мыкты сапаттар бар болчу. Ушундай сапаттарынан улам студенттердин арасынан тандалып алынып иштеп кеткен. Кийин алган тажрыйбасынан улам бир топ өнүгүү долбоорлорунда да иштеди. Билим берүү, коммуникация багытында, кесиптик билим берүү жагында жакшы иштерди аткарып келди. Адамгерчиликтүү, кандай шарт болсо да адамдар менен тил табыша алат, адамдарды уга билген сапаттары бар. Кийин президенттик аппаратта маалымат кызматында чогуу иштештик. Ал ушул эле сапаттарын ошол кызматында да көрсөткөн. Буга ошол кездеги журналисттер деле күбө.

Абдил Сегизбаевдин Аскар Акаевдин маалымат катчы кызматына ошол кездеги мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов алып келген экен. Ал да Сегизбаев тың чыкма жаштардын бири болгонун белгиледи:

- Абдил Сегизбаевдин азыр кандай болуп калганын билбейм, анткени байланышыбыз жок. Бирок ошол кезде өтө түз жүргөн, маданияттуу жигит болчу. Ал кездерде бирөөлөрдү соттоп-чоттоп жиберейин дегенин уккан эмесмин. Англис тилин билген, билимдүү, мамлекеттик сезими бар жигиттердин бири болчу. Ак үйдө иштеген жаштардын тыңдарынын бири, үмүт туудурган, келечеги бар деген балдардын бири Абдил Сегизбаев эле. Анан эми ал Акаевдин саткан жок. Эч кимди саткан жок. Мени менен деле саламы түз. Бирок мен анын ишине кийлигишип, бир нерсе деп суранып көргөн жокмун. Атамбаев деле аны ушундай сапаттары үчүн, Акаевдин тушунда так иштегени үчүн өзүнө жакындатты окшойт. Бирок мен азыркы ишине баа бере албайм.

"Компроматтарды чогултуп, кол топтоп..."

Абдил Сегизбаев Аскар Акаевдин маалымат катчысы болуп 2003-2005-жылдары иштеген. 2005-жылы март ыңкылабынын маалында Ак үйдүн алдында нааразылык акциясына чыккандардан токмок жегени коомчулукка маалым.

Ошол кездери оппозицияда жүргөн саясатчы Азимбек Бекназаров Сегизбаевдин маалымат катчы кезиндеги ишмердигин эскерди. Ал Акаевдин президенттик мөөнөтүн узартуу боюнча референдум өткөрүүнүн, оппозицияга каршы компромат топтоонун башында Сегизбаев турган деп эсептейт:

- 2005-жылы Аскар Акаевдин ыйгарым укуктарын 2010-жылга чейин узартуу боюнча кол топтоло баштаган. Ошол документтердин баары азыр менде турат. Ошондо булар референдум өткөрөбүз деген. Долбоор даяр болчу, кол топтолгон эле. Бирок революция болуп кеткенден кийин ал ишке ашпай калган. Аскар Акаевдин кабинетинен алынган документтерде оппозиция тууралуу маалыматты күнүгө президентке Абдил Сегизбаев берип турган. Акаевдин атынан коомчулукка билдирүү да жасап турган. Ар бир жумада Аскар Акаевдин алдында чоң папка турган. Анда Бекназаров, Отунбаева, Бакиев, түрмөдө жаткан Кулов эмне иш кылып жатат деген өз-өзүнчө маалыматтар болгон. Мына ошонун баарын Абдил Сегизбаев топтоп, уюштуруп турган. Акаевдин Атамбаевден айырмасы - өзү билдирүү жасачу эмес. Негизинен Сегизбаев, Жанузаков, кээде Осмонакун Ибраимов, кээде Арабаев чыкчу.

Эл аралык уюмдардан атайын кызматка

Абдил Сегизбаев 2005-жылы март ыңкылабынан кийин бийликке келген Курманбек Бакиевдин тушунда жогорку мамлекеттик кызматка келген эмес жана өзүн саясий жараяндардан оолак кармаган. Бир жылдай Жергиликтүү коомчулукту колдоо боюнча “RDC-Элет” деп аталган коомдук бирикмеде кеңеш берүүчү адис болуп иштеген. 2007-2009-жылдары АРИС уюмунда коомчулук менен байланыш бөлүмүн жетектеген, персоналдарды башкаруу боюнча адис болгон.

Сегизбаев Алмазбек Атамбаев 2011-жылы президент болор замат ага кеңешчи болуп дайындалган. Бир жылдан кийин эле президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүн жетектеген. 2012-2014-жылдары кайра президенттин кеңешчиси болгон.

Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке 2014-жылы барган жана төраганын биринчи орун басары даражасында улуттук коопсуздуктун тобокелчилдиктерин талдоо жана божомолдоо кызматынын директору болгон. Сегизбаев атайын кызматтын башчысы болуп 2015-жылы ноябрда дайындалды.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, Акаевдин командасында Сегизбаев менен чогуу иштеп калган Равшан Жээнбеков анын бийликтерге жаккан сыры тууралуу мындайча ой бөлүштү:

- Өз алдынча демилге көтөрүп, кандайдыр бир мыйзамсыз иштерден баш тарткан адам эмес эле. Анын ушундай сапаты карьералык ийгиликке алып келип жатат. Анткени биздин системада канчалык үнүңдү чыгарбай жүрсөң, кошомат кылсаң, айткандын баарын аткарып иштесең, анда карьераң жакшы болот. Кандайдыр бир маселе боюнча көз карашыңды айтсаң, анда сенде карьера болбойт.

Ушул тушта атайын кызматка оппозициячыл маанайдагы күчтөр көп доомат айта баштады. Коомдук-саясий ишмер Эдил Байсалов бийлик аны камоо боюнча ​УКМКга буйрук берди деп билдирүү жасады жана Абдил Сегизбаевдин отставкага кетишин талап кылды. Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев да беш автоунаа аркасынан калбай аңдып жүргөнүн, анын артында атайын кызмат турганын айтып чыкты. Сегизбаев өзү мындай дооматтарга жооп бере элек.

Ал эми анын биринчи орун басары Дүйшөнбек Чоткараев бүгүн парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинде УКМКга карата айтылган дооматтарды төгүнгө чыгарды.

Чоткараевдин айтышынча, УКМКнын күнү-түнү "Ата Мекендин" лидеринин изине түшүү ниети жок жана аны жүргүзбөйт дагы. Ал атайын кызматтын мындан маанилүү иштерди жасоого адамдары жана техникасы жетпей жаткандыгын да кошучмалады.

Ошондой эле УКМК өзбек коомчулугунун айрым өкүлдөрүн, анын ичинде 2010-жылы кылмыш иши козголуп, качып жүргөн лидерлерин өз тарабына тартып, Убактылуу өкмөткө каршы тукуруп жатат деген сөздөрдү да четке какты.

Чоткараев муну УКМКнын беделине көө жабуу иш-аракети катары баалады.

XS
SM
MD
LG