Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:38

Интернетти башка жактан сатып алуу варианттары каралууда


Казакстандык провайдерлер интернеттин баасын көтөрүп жибергенине байланыштуу кыргыз өкмөтү арзан интернет сатып алуу үчүн башка варианттарды да караштырууда. Бул тууралуу өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков 21-сентябрда парламент жыйынында билдирди.

Премьердин айтымында, Маалыматтык технология жана байланыш комитетине жана башка тиешелүү органдарга мындай мүмкүнчүлүктөрдү караштыруу тапшырмасы берилди. Ошондой эле казакстандык өнөктөштөр менен да бааны арзандатуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын Жээнбеков кошумчалады.

10-сентябрдан тарта Казакстандын провайдерлери Кыргызстанга берилүүчү интернет баасын үч эсеге чейин кымбаттаткан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG