Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:14

Базар-Коргондун электр жарыгы жок айылында жаңы мектеп ачылды


Жалал-Абаддын Базар-Коргон районундагы Жазы-Кечүү айылында 100 орундуу жаңы мектеп ачылды. Бул тууралуу район акими Таалайбек Долдоев “Азаттык” радиосуна билдирди.

-1980-жылдары курулган айылдагы М.Чыйбылов атындагы эски мектеп жараксыз болуп, жаңы имарат куруу зарылчылыгы бар болчу. Мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн 25 млн сомго 3 айдын ичинде спорт залы менен заманбап билим уясын куруп бердик,- деди Долдоев.

Учурда мектепте 90дон ашык окуучу билим алат.

Мындан тышкары, айылга жашоочуларды башка айылдар менен байланыштырган көпүрө салынып, эски эмкана имараты оңдолду.

Базар-Коргон районундагы эң алыскы тоолуу аймакта орун алган Жазы-Кечүү айылы түптөлгөн 1960-жылдардан бери электр жарыгы жок. Ал жердеги 160 кожолукта миңдей адам жашайт. Жол каттамы кышкысын жабылып калат. (RsK)

XS
SM
MD
LG