Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:40

Мамлекеттик думанын төрагасы эми тышкы чалгындоо кызматын жетектейт


Путин Нарышкинди кабыл алды.
Путин Нарышкинди кабыл алды.

Президент Владимир Путин Мамлекеттик думанын спикери Сергей Нарышкинди Тышкы чалгындоо кызматынын жетекчиси кылып дайындады. Бул тууралуу Путин мурдагы башчы, бул кызматка 2007-жылы келген Михаил Фрадков жана Нарышкин менен жолугушууда жарыялады. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргендей, аны дайындоо буйругуна жакын арада кол коюлмакчы. Фрадков болсо «Орус темир жолдорунун» директорлор кеңешин жетектейт. Нарышкин Мамлекеттик думанын төрагасы болуп 2011-жылдын декабрынан бери иштеп келген. Ага чейин 3 жыл президент администрациясын жетектечү.

61 жаштагы Нарышкин президенттей эле Санкт-Петербург шаарынан болот. Маалыматтарга караганда, ал советтик чалгындоо кызматы үчүн чет өлкөлөрдө, анын ичинде 1980-жылдары Брюсселдеги элчиликте иштеген

XS
SM
MD
LG