"Санпа шейиттери" коомунун мүчөлөрү Жалал-Абад шаарындагы бүгүнкү маалымат жыйында ЕККУ жыйынында сүйлөгөн сөзү үчүн Кадыржан Батыровго нааразылык билдиришти. Батыровдун Кыргызстандан сыртта жүрүп, өлкө атынан сүйлөгөнүн, айрым уюмдардын аны колдоого алганын айыптап чыгышты. Алар укук коргоо органдарынан июнь окуясы боюнча кылмыш ишин аягына чыгарууну, Батыровго тиешелүү жаза берүүнү, ЕККУ жыйынында Батыровдун жанында олтурган укук коргоочу Төлөйкан Исмаилованы жоопко тартууну талап кылышты.
Мындан тышкары Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсүн июнь коогасына тиешеси бар деп айыптап, референдум өткөрүүнү колдошту.
Июнь коогасын уюштурган деген айып менен сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылып, алты жылдан бери издөөдө жүргөн Кадыржан Батыров 21-сентябрда ЕККУнун Варшавадагы жыйынында сөз сүйлөп, Кыргызстандагы Баш мыйзамдын өзгөрүшүнө каршылыгын, өлкөдө улуттук азчылык өкүлдөрү кысымга алынып жатканын билдирген. 2010-жылдагы июнь окуясын "геноцид" деп атаган жана кыргыз бийлигин сындап, ЕККУну өлкөгө жардам бербөөгө чакырган. Отурумдан тартылып алынган видеодо Батыровдун жанында “Бир дүйнө Кыргызстан” уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова отуруп, анын айткандарына баш ийкеп жатканы көрсөтүлгөн. (NT)