Тасманы тарткандардын маалыматына караганда, жасалма билеттер Токмок шаарында тарап кеткен. Алар бүгүн фильм 12-октябрдан тарта борбор калаадагы бардык кинотеатрларда көрсөтүлө баштай турганын расмий кабарлаганы жатышат.
"Үркүн" көркөм тасмасы 1916-жылдагы кѳтѳрүлүштүн 100 жылдыгына арналып тартылган. Анын режиссеру Медин Учкеев, продюсери Мухтар Атаналиев. Фильмди "Саякбай манасчы" жана “Куткелди” коомдук фонддору каржылаган. (NT)