Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:00

Гилменддин борборунда жанкечти бомба жардырды


Гилменддеги ооган аскерлери.
Гилменддеги ооган аскерлери.

Ооганстандын Гилменд чөлкөмүндө жанкечтинин бомба жардыруусунан бери дегенде 10 полициячы жана 4 карапайым киши мерт кетти.

Лашкар Гах шаарынын Над Али районунун полиция башчысы Хажи Маржан каза болгондордун саны өсүшү мүмкүн деди.

Ооганстандын Ички иштер министрлигинин билдиргенине караганда, "Талибан" согушкерлери калаадагы коопсуздук бекеттерине масштабдуу чабуул баштады.

Жоочулар Лашкар Гахтын жака белиндеги райондорду бир нече айдан бери ээлеп турушат. Алар апийим өндүрүү боюнча дүйнөдө биринчи орунда турган Гилменд чөлкөмүн басып алууну көздөшүүдө. Чөлкөмдүн расмий өкүлдөрү "Талибан" ушу тапта аймактын 85 процентин колуна алганын билдиришти. Бир жыл мурун эле Гилменддин 80 проценти өкмөттүн көзөмөлүндө болчу.

XS
SM
MD
LG