Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:32

Кытайлык компаниянын автоунаасын минген министр кечирим сурады


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Кытайлык Сhina Road and bridge компаниясына катталган “Лексус” үлгүсүндөгү унааны пайдаланып жүргөнү үчүн транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаров кечирим сурады. Бул маселени Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде депутат Улан Примов көтөрдү. Примов министрдин чет өлкөлүк компания сатып берген унааны минип жүргөнү мыйзамга туура келбестигин билдирди.

Замирбек Айдаров аталган унаа ага чейинки министрден калганын айтып, бул жосуну үчүн кечирим сурады.

Транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаровдун кытайлык Сhina Road and bridge компаниясына катталган “Лексус” үлгүсүндөгү жолтандабас унааны пайдаланып жүргөнү өткөн аптада белгилүү болгон.

Транспорт жана жолдор министрлиги буга чейин мекемеге жолдору жаман, көчкү жүргөн алыскы аймактарга барыш үчүн кытайлык компаниянын унаасы керек болгонун билдирген. Кийинчерээк бул унааны компанияга кайтарып берген.(BkA)

XS
SM
MD
LG