АКШ Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстан менен коопсуздук багытында кызматташууну улантууга кызыкдар. Ошол эле учурда экономикалык, социалдык жактан көмөк берүү – негизги максаттардын бири. Бул тууралуу бүгүн АКШ мамлекеттик катчысынын орунбасары Томас Шэннон Бишкекте Борбор Азиядагы Америка университетинде студенттер менен жолугушкан учурда айтты:
-25 жылдан бери тыгыз кызматташып келатабыз. Бул чөлкөмдө элди зордукчул экстремизм жана террордон сактап, мындан аркы экономикалык өнүгүүсүнө, билим алуудагы жетишкендиктерге АКШ эли жардамын аябайт.
Борбор Азияга 24-октябрда сапарын баштаган Томас Шэннон беш күн аралыгында Казакстанда, Кыргызстанда жана Өзбекстанда болот. Жолугушуулардын өзөгүн үч өлкө менен Вашингтондун өз ара кызматташуу маселелери түзөт.
Бүгүн ал Бишкекте президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, ортолук мамилелерди бекемдөө боюнча сүйлөштү. (SE\BCh)