Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:42

Бабанов коалицияга кирүүдөн баш тартты


Жогорку Кеңештеги “Республика – Ата Журт” фракциясы коалициялык көпчүлүккө кирбейт. Өкмөткө келчү жаңы адамдардын ысымдары атала баштады.

Коалиция мөөнөтүнөн мурда ыдырагандан кийин жаңысы “Республика- Ата Журт” менен куралары жана башкы шарт премьер-министрлик орун болору айтылып жаткан эле.

Ал ортодо өкмөткө келиши ыктымал делген жаңы адамдардын ысымдары атала баштады. Азыр президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп турган Сапар Исаков биринчи вице-премьер-министр болушу ыктымал деген сөздөр чыкты.

“Республика – Ата Журттун” чечими

Өмүрбек Бабанов “Республика – Ата Журт” коалициялык көпчүлүккө кошулат деген сөздөргө 2-ноябрда чекит койду. Парламенттин жыйынында оппозициялык азчылыкта жүргөндө Жогорку Кеңеште фракция жетекчиси бир дагы комитет тийбей калган таарынычын эстеп өттү:

Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

- Бүгүн социал-демократтар 38сиңер. Бирок эртең башкача коалиция түзүлүп калса, силер азчылык да болуп калышыңар мүмкүн. Бир жыл мурда менин башымдан өттү. Бир комитет берген жоксуңар. Ошондуктан муну мен баарыңардан жакшы сезип турам. Ким билет, балким биз дагы деле азчылыкта болуп каларбыз. Ошондуктан баарыбызга калыс карайлы деп айтып кетет элем. Иса Шейшенкулович, мына коалиция түзүп жатпайсызбы. Мен ачык айтам, биз коалицияга кирбейбиз. Сиз аны каалаганыңыз менен түзүңүз. Бирок биз Конституцияны өзгөртүүнү ачык колдоп беребиз.

Текебаев өткөндү эскерди

Анын алдында “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев коалиция куроодо Акматбек Келдибековду спикерликтен кетирүүдөгү ыкма колдонулуп жатканын айтып чыкты. Коалицияга кирүүгө үмүт артып отургандарды айыптады.

- Чыныбай Акунович, эсиңизде болсо керек, ушул залда биз Келдибековду спикерликтен алалы дегенибизди. Ал жагынан да, бул жагынан да эсептесек 80 добушка жеткире албай турганбыз. “Ата Журт” ал бурчта, биз бул бурчта жыйналабыз, эсептейбиз, эч кимибиздин эсебибиз дал келбейт. Тобокел бар эле. Ошондо КСДП фракциясы коалицияны таратты. Ошол жерде кийинки коалицияга киребиз дегендер Келдибековду колдобогула деген бир гана сыйкырдуу сөз айтты. Ошондо “Ата Журттун” жарымы коалицияга киребиз, бийликке келебиз деп бизге өтүп кетти. Ошентип Келдибеков кетти. Бирок “Ата Журт” оппозицияда калды. Кийин өзү таламайга түштү. Бүгүн да ошол технология, “үзүлбөгөн үмүттөр” технологиясы колдонулуп жатат. Коалицияны декабрда, январда, жазда деле таратсак болмок. Сооронбай Жээнбековдун бардык демилгесин “Ата Мекен” бир добуштан колдоп эле келе жаткан. Болгону добуш күндөн-күнгө азайып кетип жатканын көрүп, үчүнчү окууда добуш берер алдында таратып, президент эл алдында ким президенттин демилгесине добуш бербесе, ал коалицияга кирбейт деген ачык шарт койду. Ал шартты Иса Өмүркулов ташка тамга баскандай кайталады. Мен “Ата Журтту” бекер эстеген жокмун. Азыр дагы кээ бир жолдоштор добуш берип коалицияга кирип калабыз деп турат. Баарыңар кирбейсиңер. Эртең ким “лох” болгонун көрөбүз.

Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

Сапар Исаков "Манас" ордени менен сыйланды

Сапар Исаков "Манас" ордени менен сыйланды

Коалициялык көпчүлүк ыдырагандан бери жаңы курамына “Республика – Ата Журт” фракциясы кирет деп айтылып жаткан. Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов да тынымсыз сүйлөшүү жүрүп жатканын бышыктаган. Анда Бабанов өкмөт башчылыкты сурайт, бул башкы шарт болору айтылган.

Саясат таануучу Даниел Кадырбеков “Республика – Ата Журттун” башкаруучу коалицияга кошулуудан баш тартышын бир канча себеп менен түшүндүрдү:

- Биринчиси - президенттин реакциясы болушу мүмкүн. Анткени 5-6 жыл мурун эле Атамбаев Бабановду Максимдин досу, шылуундар, бандиттер, уурулар деп жүрсө эми бир коалиция түзүүгө чакырып жатса, ушул убакыт аралыгында эмне өзгөрдү деп эл деле туура түшүнбөй калат деп ойлошу мүмкүн. Президент анын КСДП фракциясыз эле коалицияга киришин каалап турат, анткени Бабанов тил алчаак, айтканын кылат, бирок эл кандай кабыл алат деген маселе болду окшойт. Экинчиден, Бабанов өзү прагматик, бизнестен келген. Өзүнүн демилгелерин ишке ашыра албай турганын түшүнөт. Биринчиден, ишке ашыруу реалдуу эмес, экинчиден, КСДП Бабановго эле атак-даңктын баарын карматып коймок беле.

Исаков өкмөткө келеби?

Коалицияны декабрда, январда, жазда деле таратсак болмок. Сооронбай Жээнбековдун бардык демилгесин “Ата Мекен” бир добуштан колдоп эле келе жаткан.
Өмүрбек Текебаев

Ал ортодо өкмөткө келиши ыктымал делген жаңы адамдардын ысымы атала баштады. Маселен, азыр президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков биринчи вице-премьер-министр болушу мүмкүн. Исаков өзү комментарий бере элек. Анын өкмөткө келүү ыктымалдыгы бийликтеги мураскер дайындоо тууралуу талкууларга жол ачты.

Талдоочу Бакыт Бакетаевдин баамында, президент ишенимдүү адамдарын эл тандоосуна коюшу керек:

- Ал президент менен көп жылдан бери бирге иштешкен, сол колубу, же оң колубу айтор, көп жылдан бери жанында жүрөт. Көз карашын билет. Ошондуктан ишенимдүү адамы болуп калды. Атамбаев бирок мураскер дайындабайм деп айтып келет. Менин баамымда, президент бир эмес, бир канча адамды дайындап, эл ошолордун арасынан тандап алгыдай болушу керек. Мен буларды тарбияладым эле деп айтышы керек. Эгер ошолордун арасынан кадыр-баркы жогу болсо, былыгы чыкса эл анда тандабайт. Биздин эл азыр чоң саясий капитал топтоп калган.

Жогорку Кеңештеги “Туруктуулук, ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөр” деп аталган башкаруучу коалиция өткөн аптада мөөнөтүнөн мурда ыдыраган. Президент Алмазбек Атамбаев жаңысын куроо мандатын адаттагыдай эле Социал-демократтар фракциясына тапшырган. Мыйзам боюнча жаңы коалиция 15 жумушчу күндүн ичинде куралып бүтүшү керек. Айрым талдоочулардын божомолу боюнча жаңы коалицияны үч фракция - Социал-демократтар, “Кыргызстан” жана “Бир бол” курамакчы.

XS
SM
MD
LG