Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

Украина чыгышындагы урушка армияга милдеттүү чакырылгандар тартылбайт


Украина президенти Петро Порошенко өлкө чыгышында орусиячыл жикчилерге каршы согушкандар арасында аскерге милдеттүү чакырылгандар мындан ары болбойт деп билдирди.

“Куралдуу күчтөр мыкты даярдыктан өткөн, машыккан, жакшы камсыздалган ыктыярчылар жана контракт менен кызмат өтөгөндөрдөн куралууга тийиш", - деди президент.

2014-жылдын март айында Орусия Крым жарым аралын аннексиялап, чыгыш облустарда жикчилер менен өкмөттүк армиянын урушу башталгандан кийин Украина армияга чакырууларды калыбына келтирген.

Башкы штабдын командачысы Виктор Муженко маалымдагандай, ошондон бери куралдуу күчтөргө 90 миңдей адискөй жоокерлер жазылган. 2014-жылдын апрелинен бери уланып келаткан жаңжал 10 миңге чукул адамдын өмүрүн алып кетти.

XS
SM
MD
LG