Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 22:47

Кыргызстанда маалымат жана басма сөз күнү белгиленүүдө


Журналисттер.

7-ноябрь – маалымат жана басма сөз күнү катары кыргыз тилиндеги тунгуч “Эркин тоо” гезити 1924-жылы дал ушул күндө жарык көргөнүнө байланыштуу белгиленип келет. Азыркы кезде Кыргызстандын Юстиция министрлигинен миңден ашуун гезит-журнал каттоодон өткөн. Ошондой эле өлкөдө бул күн Октябрь революциясынын күнү катары кызыл менен белгиленип, дем алыш деп жарыяланган.

Кыргызстан постсоветтик өлкөлөрдүн ичинде бул күндү майрамдап келаткан саналуу мамлекеттердин бири. Азыркы кезде Кыргызстанда 7-ноябрь - мамлекеттик майрамдардын катарында. Белaрустарда да жалпы республикалык майрам деп саналат. Орусияда 2005-жылдан бери бул күн расмий майрамдалбайт, эскерүү иш-чаралары гана өтөт. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG