Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:42

Өкмөт жыл аягына чейин 64 мектеп курууну пландоодо


Иллюстрация
Иллюстрация

Өкмөт Жерүй кенин иштетүү лицензиясын сатуудан түшкөн каражатка 2016-жылдын аягына чейин 64 мектеп курууну пландап жатат. 9-ноябрдагы маалыматка ылайык, сумма 2 миллиард 517 миллион 828 миң сомго барабар.

Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, билим берүү мекемелерин курууга каржы толук бөлүштүрүлгөн. Ошондой эле быйыл андан башка дагы 27 социалдык объект куруу пландалган.

Эске салсак, өкмөт Жерүйдүн эсебинен өлкө аймагында 100 мектеп куруларын маалымдаган. Бирок ага бөлүнгөн акча Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү алдында Балыкчы-Корумду жолун курууга сарпталып кеткени сентябрда ачыкка чыгып, 100 мектептин беш-алтоо гана бүткөнү маалымдалган.

XS
SM
MD
LG