Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:35

Мэрия “Дыйкан” базарын жабууга киришти


Базар.
Базар.

Бишкек шаардык мэриядан кабарлагандай, “Дыйкан” базарынын жетекчилери экотехинспекция берген сунуштарды өз убагында аткара алган жок. Жалпысынан катачылыктарды оңдоого 11 сунуш берилип, 10-ноябрга чейин бүткөрүү талабы коюлган. Бирок базардын жетекчилиги айтылгандардын тогузун гана оңдоп жетишкен. Анда мыйзамсыз салынган имарат, даараткана, павильон жана башка объекттер алынган эмес. Натыйжада мунай продукциялары жайгашкан жер менен товарлар сакталуучу кампанын аралыгы 30 метр гана болуп калган.

Өз кезегинде мэрия «Дыйкан» базарындагы сатуучулар «Дордой-Моторс» жана «Сары-Өзөн» базарларына көчүрүлөрүн айтып келүүдө. (SDz)

XS
SM
MD
LG