Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:52

Астананы Назарбаев кылып өзгөртүү сунушталды


Нурсултан Назарбаев
Нурсултан Назарбаев

Казак мажлисинин депутаты Куаныш Султанов Астана шаарын Нурсултан же Назарбаев деп өзгөртүү сунушун киргизди.

Кабар агенттиктери маалымдашкандай, парламенттин эки палатасы бүгүн Көз карандысыздыктын 25 жылдыгына карата декларация кабыл алгандан кийин Султанов борбор калаанын аталышын өзгөртүү боюнча сүйлөшүү болорун журналисттерге айтты.

Депутаттын пикиринде, бул маселе оң чечилсе, чыгымдар өзүн актайт, эмне дегенде ал “улуттук аң-сезимди, мамлекеттүүлүктү жана тарыхты түптөөгө” жумшалмакчы. Башка мыйзам чыгаруучулар да анын демилгесин колдошту.

Тенгриньюс сайтынын жазганына караганда, айрым депутаттар бул маанилүү жана олуттуу чечим болорун айтышса, башкалары Елбасы же Астана-Елбасы деп өзгөртүүнү сунуш кылышууда.

XS
SM
MD
LG