Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:45

"Белизгейт": бийликтеги кармаш


Аида Салянова жана Рыскелди Момбеков
Аида Салянова жана Рыскелди Момбеков

"Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаевди жана анын чөйрөсүн мамлекеттик бийликти өзүмбилемдик менен ээлеп алды деп айыптап, президентке импичмент жарыялоо демилгесин көтөрдү. КСДПчылар бул дооматты четке кагып, президент журт башчысы катары бардыгына калыс мамиле жасап келатканын ырастоодо.

Ага чейин Башкы прокуратура УКМКнын "Мегаком" компаниясы боюнча үч саясатчыга байланыштуу тараткан маалыматын текшерүү үчүн Белиз мамлекетине расмий кат жолдогону маалым болгон. Бийлик сересиндеги соңку тирешүүлөрдүн түбү кайда алып барат жана ал өлкөдөгү саясий кырдаалга кандай таасир этиши мүмкүн?

"Азаттыктын" “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасынын бул жолку чыгарылышында ушул суроолорго жооп издедик. Талкууга – “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова жана КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков катышты.

“Азаттык”: Рыскелди мырза, Кыргызстандын Башкы прокуратурасы УКМКнын "Мегаком" компаниясы боюнча тараткан маалыматын текшерүү үчүн Белиз мамлекетине расмий кат жөнөттү. УКМК жана президенттик аппарат эмне үчүн апостилдин чындыгын далилдеген расмий жооп келгиче күтө турбай жарыялап койду деп ойлойсуз? Бул кадам орундуу эле болдубу? Жашыруун кармай турса коомдук-саясий чөйрөдө мынча чуу болбойт беле?

Рыскелди Момбеков: Эми бул маселени чынында ак-караны ажыратпай туруп, коомчулукка алып чыгуунун кажети жок болчу. Муну актуалдуу маселеге айлантып, Жогорку Кеңеште добулбас кагыштын да кажети жок эле. Эми эч нерсе кеткен жок да. Бир күн кечке ошол УКМКнын төрагасынан “кандай жол менен ал документти алдың, кантип алдың?” деп жаттык. Эми аны биз талап кылганбыз, Жогорку Кеңеште депутаттар комиссия түзсөк, анан алар алып чыкса, кайра биз “аны эмне алып чыктың, аны эмнеге көргөздүң?” деп жатабыз. Эми УКМК түздөн түз президентке баш ийгендиктен президентке доклад берет да. Табыштап көргөзүп жатат, мына ушундай документтер бүгүн УКМКга оперативдик маалыматтын негизинде келип түштү, эми өзүңүз тапшырма бериңиз деп, Башкы прокуратурага берилет. Ал жерден Аида Жеңишбекова, Өмүрбек Текебаев, Алмамбеттин аты аталган жок. Анан эле эртеси күнү парламентте саясий билдирүүлөр башталды. Актуалдуу маселеге айлантып жиберген кишилер өздөрү болуп жатат. Келип түшкөн документтерди жасалма деп жатат. Эми аны экспертиза аныкташы керек эле. Документтердин келип түшкөнүнүн өзү далил. Анан Белиз мамлекети Кыргызстанга жасалма документ жөнөтпөйт да.

“Азаттык”: Аида айым, КСДПнын айрым депутаттары “Ата Мекенчилерди” импичмент маселесин көтөрүүсүн коргонуу аракети катары баалап жатышат. Чырлуу документтердеги фактылар ырасталып калса, аны кылмыш ишин козгоого жеткирбөө үчүн ушундай кадамга барышты деген пикирлер айтылууда. Чын эле сиздерде кооптонуу болуп жатабы?

Аида Салянова: Оперативдик маалымат деген далил болбойт. Экинчиден, укук коргоо органдары толгон-токой документтер менен иштейт. Ошонун балким, бир же эки пайызы сотко жетет. Өзүн сыйлаган профессионалдар аны эч качан алып чыкпайт, президентке чейин алып барып, сүрөткө тартып көргөзбөйт. Анткени оперативдүү маалыматтар мыйзамдуулук деген принципке таянат. Анын консперативдик деген өзүнүн принциби бар. Ал жерде андай консперация болбой, атайын келип кагазды, андагы фамилияларды көрсөтүп, эртеси күнү гезиттерге, телевидениеге чыгарылып жатышы бул атайын жасалган сценарий да. Муну бийлик бул ушак, калп болушу мүмкүн дегендей кылса деле болмок. Бирок бул ушак президенттин деңгээлине чейин чыгып жатат. Ошол факт президенттин өзүнүн катышуусу менен болуп, фамилиялардын баарына жар салынып жатканынын өзү бул башынан баштап ойлонулган жакшы спектакль экенин айтып жатат. Максат - каралоо болчу.

"Белизгейт" бийликтеги тирешти күчөттүбү?
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:13 0:00
PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG