Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:45

Баткенде айрым партиялар облус башчысына нааразы


Баткенде жергиликтүү кеңештерге аттанган айрым партиялар облус башчынын басымына кабылып жатканын айтып чыгышты.

Кызыл-Кыя шаардык кеңешине “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан талапкер болгон Мухтар Миркадиров “Азаттык” радиосуна билдиргендей, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев жергиликтүү бийлик башындагыларды КСДП партиясын колдоого буйрук берген:

- Ошол кишинин буйругу менен мэриядагылар мектептерде, ооруканада иштегендерди көчөлөргө бөлүп, үгүткө тартып атышат. Биздин партиядан шайлоого тизме даяр болуп, бардык документтер бүткөн соң айрым таасирлүү талапкерлерибизге Халмурзаев жана анын адамдары телефон чалып, туугандары менен байланышып аларды өчүртүп салды.

Миркадиров облус башчысынын басымы менен алты адам тизмеден чыкканын айтты, бирок аты-жөндөрүн ашкерелеген жок. Ошондой эле Халмурзаев шаарда молдолор менен кошо мечиттерге барып, элди КСДПны шайлоого үгүттөп жатканын да кошумчалады.

11-декабрга белгиленген шайлоодо Кызыл-Кыя шаардык кеңештеги 31 орунга алты партия ат салышып жатат. Алар: “Өнүгүү-Прогресс”, КСДП, “Кыргызстан”, “Бир бол”, “Республика-Ата Журт” жана “Замандаш” партиялары.

Абиш Халмурзаев жогоруда айтылгандарга комментарий бере элек. Ал эми облустук администрациянын басма сөз кызматы муну куру доомат жана каралоо деп атап, жетекчи өкмөттүк жолугушууларга катышуу үчүн Бишкекке кеткенин билдирди.

Мурдараак Баткен шаардык кеңешине ат салышып жаткан “Жаңы доор” партиясы эл менен жолугушуу өткөрүүгө облус жетекчиси стадион бербей койгонун айтып чыгышкан. (SE)

XS
SM
MD
LG