Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:31

Мичигандагы добуштарды кайра саноо сунушталууда


Жилл Стейн.
Жилл Стейн.

АКШдагы президенттик шайлоодо Жашылдар партиясынан талапкер Жилл Стейн Республикачылардын катарынан чыккан Дональд Трамп жеңишке жеткен Мичиган штатындагы добуштарды кайра саноону сунуштады. Стейн бул тууралуу расмий талапты жергиликтүү бийликке жолдоду. Андан тышкары, Пенсильвания жана Висконсинде да добуштарды кайра саноо керектигин билдирди.

Мичигандагы шайлоодо 4 миллион 800 миң адам добуш берген. Трампты Клинтонго караганда 10 700гө көп адам колдогон.

Жилл Стейн бюллеттендерди сканер кылган жабдууну хакерлер бузушу ыктымал экендигин айтууда. Анын талабын аткаруу Трамптын жеңишин четке какпаса да, натыйжа адал болгонун кепилдейт. Эгер аталган штаттарда Клинтон жеңсе, демократтар Трамптан көп добуш алышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG