Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:50

14-декабрда Алепподо ок атуу токтоду


Бирок жоочуларды оппозиция көзөмөлдөгөн Идлибге карай эвакуациялоо токтоп турат. Ок атууну токтотуу Орусия жана Түркиянын ортомчулугу астында жетишилген. Козголоңчулар көзөмөлдөгөн аймактан адамдардын чыгып кетүүсүнө Иран жана Дамасктын шиит күчтөрү тоскоолдук кылып жатканын козголоңчулар кабарлашты. Буга президент Башар Асад тараптан жооп боло элек. Өкмөттүк күчтөргө Ливан жана Ирактан келген шиит жоочулары жардам берген. Оппозициянын маалыматы боюнча, жарадар болгондордун биринчи тобу 13-декабрда чыгарылышы керек эле. Ал эми Асадга таандык күчтөр эвакуация 14-декабрда таң эртеңден башталарын билдирген. Бирок Британияда жайгашкан Сирия адам укуктары уюму жоочулар же жарандарды эвакуациялоо байкала электигин кабарлады. (AiT)

XS
SM
MD
LG