Москвада базарда иштеген кыргызстандык 30 жаштагы аялдын 24 миллион рубль акчасын уурдап кетишти. Life.ru тараткан кабарга ылайык, ал ири суммадагы рублди долларга өткөрүү максатында акча алмаштыруучу жайга алып келгенде жоготкон. Кассир анын пулун алып, изин жашырганы айтылууда.
Акча алмаштыруучу жай Бахрушин көчөсүндө жайгашкан. Жабырлануучу ал жерге келерден мурда телефон аркылуу кассирге канча сумма алып барарын айткан.
Полиция окуянын чоо-жайын иликтеп жатат. Шылуундарга алданган кыргызстандык аял базарда мөмө-жемиш сатып иштеген.