Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:07

Кайсеридеги жардырууга күрт сепаратисттери айыпталууда


Мындай билдирүүнү Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жасады. Анда “мындай чабуулдар менен “сепаратисттик террордук уюм” Түркияны алсыздандыргысы келет” деп айтылган.

Кайсеридеги жардыруу 17-декабрда күндүз болуп, андан 13 киши набыт болду. Акыркы маалыматтар боюнча жаракат алгандардын саны 55ке жетти. Өлгөндөрдүн баары аскер кызматкерлери, жаракат алгандардын 48и аскер кызматкерлери экени айтылууда.

Айрым маалыматтар боюнча, бомба коюлган автоунаа жолчыракка токтогон аскер автобусуна жакын келип жарылган.

Бир жума мурда Стамбулдагы “Бешикташ” стадионунда футболдук беттештин аягында жардыруу болуп, 44 киши өлүп, 150 ашуун адам жаракат алган.

XS
SM
MD
LG