Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:02

Бүгүн Бишкекте Сирияда набыт болгондор эскерилет


Алепподон башка жакка тынч жашоо үмүтүндө кетип жаткан аялдар.
Алепподон башка жакка тынч жашоо үмүтүндө кетип жаткан аялдар.

Бишкекте активисттер Сириянын Алеппо шаарындагы калабада курман болгондорду эскерүү үчүн бүгүн тынч жыйынга чогулушат. Акция Горький сейил багында өтөт. Уюштуруучулар “Азаттыкка” билдиришкендей, алар дүйнө элин Сириядагы согушту токтотууга чакырган жазууларды көтөрүп турушат. Эч ким микрофон алып кандайдыр бир чакырыктарды жасашпайт. Коогада өлгөндөргө атап Куран окулат.

Алепподо жайкын тургундарды тынч жакка алып кетүү иштери 15-декабрда башталган. Андан бери эл ташыган автобустарга кол салуулар бир канча жолу үзгүлтүккө да учурады.

Орусия аба соккулары менен колдогон Сириянын өкмөттүк күчтөрү менен Башар Асаддын бийлигине каршы козголоңчулар ортосундагы салгылашуудан улам акыркы күндөрү шаарда абал курчуп кетти.

Сирияда калаба башталган 2011-жылдан бери жүз миңдеген адамдар набыт болушту. (SE)

XS
SM
MD
LG