Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:04

Жапаров: Он жыл ичинде жол кырсыгы 11 миң адамдын өмүрүн алды


Кыргызстанда 2003-2013-жылдар аралыгында жол кырсыктарынан 11 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылып, 65 миңден ашыгы ар кандай жаракат алышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 21-декабрдагы жалпы жыйынында "Бир Бол" фракциясынан депутат Акылбек Жапаров билдирди.

Депутаттар мас абалында автоунаа айдагандарга жазаны күчөтүү боюнча тиешелүү мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушун талкуулашты. Аны сунуштаган Акылбек Жапаров жол кырсыгынан кыйылган өмүрлөр ооган согушунда каза тапкандарга теңелип калганына көңүл бурду:

-Кыргызстан Советтер Союзунун курамында Ооганстандагы согушка катышкан. Он жыл ичинде жалпы 13 миңден ашык советтик жоокер курман болуп, 53 миңден ашыгы жаракат алган. Азыр Кыргызстанда тынч заманда деле жол кырсыгынан ошончо адам каза таап жатат.

Жапаров кошумчалагандай, былтыр парламент спирт ичимдиктерин ичип рулга отургандарга жазаны күчөтүп, Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизилген. Бирок мас абалында автоунаа айдагандар азайган жок. Өткөн жылы 13 миң 600 айдоочунун мас абалында машине айдап жүргөнү аныкталган.

XS
SM
MD
LG