Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:32

Партиялар тизмесин өзгөртө баштады


Бишкек шаардык кеңешине шайланып келген айрым партиялар талапкерлердин шайлоого чейинки тизмесин өзгөрттү.

Орун алмашуулар тууралуу маалыматты Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 21-декабрда жарыялады. Ал арада коомчулукта муну “партиялардын көз боёмочулугу, үгүт иштеринде элди алдоо үчүн түзүлгөн тизме” деп сыпаттап жатышат. Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Бишкек шаардык кеңешине келаткан айрым партиялардагы талапкерлердин шайлоого чейинки тизмеси өзгөрүп, жаңы тизмелерди жарыяладыңыздар. Анын чоо-жайын айтып бересизби?

Маматов: “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдын 51-берене, 3-бөлүгүнүн негизинде бул мүмкүн. Партиянын саясий кеңешинин чечими жана талапкердин макулдугу менен тизмени өзгөртсө болот. Бул иштер депутаттарга мандат берилгенге чейин болушу керек.

Шаарларда кайсы партияга добуш беришти?

Шаарларда кайсы партияга добуш беришти?

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 22 шаарда болду. Ага жалпысынан 35 саясий партия катышты.

Бишкек шаардык кеңешине өткөн беш партиянын үчөө өзгөртүлгөн тизмелерди сунушташты. Алар: “Республика – Ата Журт”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан” партиялары. Биз эми ошол орду алмашкан талапкерлердин өздөрүн чакырып, ошого макул же макул эместиги тууралуу арыз алабыз.

“Азаттык”: Талапкерлер арыз жаза элек болсо да жаңыланган тизмелерди жарыялап жатпайсыңарбы?

Маматов: Биз маалымат иретинде чыгарып жатабыз. Ошону талапкерлер көрсүн деген ойдо муну жасадык. Себеби, буга чейинки тажрыйбалар көрсөткөндөй, айрым партиялар тизмени өзгөртүп, муну талапкерлер билбей, анан талаш-тартыш болуп жүргөн. Ал учурда партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү талапкерлердин атынан арыздарды калтырып кетсе болор эле. Артынан талапкерлер келип, “мен арыз жазган эмесмин” деп жаңжал кылган учурлар болбодубу. Ошондуктан, азыркы жагдайда да талапкер макулбу же жокпу биз анык билбейбиз.

“Азаттык”: Демек, бул акыркы чечим эмес турбайбы?

Маматов: Ооба, акыркы чечим качан гана бардык талапкерлерден арыз алынып, карап чыкканыбыздан кийин болот. Азыр партиялар сунуш гана берди.

“Азаттык”: Партиялар тизмени өзгөртүү себептерин сиздерге түшүндүрөбү?

Биз маалымат иретинде чыгарып жатабыз. Ошону талапкерлер көрсүн деген ойдо муну жасадык.

Маматов: Жогорку Кеңешке да, жергиликтүү кеңешке да шайлоо болгондо “жумшак рейтинг” түшүнүк бар. Ар бир талапкер өзүнө 3-4 аймакты алып, ал жактан жетиштүү добуш топтоо аракетин көрөт. Жыйынтык алар күткөндөй болбой калса, тизменин аягында же ортосунда туруп, бирок жакшы добуш алган талапкер менен алмашат. Азыр деле ошол себеп менен алмашып жаткан болушу мүмкүн.

“Азаттык”: Партиялардан шайланып келген депутаттарга мандат качан берилет?

Маматов: Эреже боюнча мандат берүү боюнча жыйынтык шайлоо өткөндөн кийин 20 күн ичинде чыгышы керек. Бизде 31-декабрга чейин убакыт бар.

“Азаттык”: 31-декабрга чейин убакыт болсо, анда мандат кийинки жылдын башында берилиши мүмкүн турбайбы?

Маматов: Биз мүмкүн болушунча жыйынтыкты чыгарганга аракет кылабыз. Балким жаңы жылга чейин эле мандаттар берилет.

Маалымат үчүн: 11-декабрда өткөн шайлоодо беш партия өткөн. Жыйынтыгында КСДП – 13, “Республика – Ата Журт” – 12, “Өнүгүү-Прогресс” – 8, “Мекеним Кыргызстан” – 7, “Кыргызстан” партиясы 5 мандатка ээ болору айтылган.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
XS
SM
MD
LG