Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:40

Дары-дармек департаментинин жетекчиси иштен алынды


Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыздоо департаментинин директору Рустам Курманов кызматтан алынды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 23-декабрда кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Мындай чечим Башкы прокуратуранын сунушунун негизинде кабыл алынды.

Буга чейин Башкы прокуратура Курмановдун ээлеген кызматын карап көрүү жана коррупцияга катышы бар кызматкерлерди жоопко тартууну өкмөткө сунуштаган.

Маалыматка караганда, быйыл жүргүзүлгөн текшерүүдө департаменттеги жемкордукка байланышкан он кылмыш иши козголгон. Мамлекет андан 22 миллион сомдон ашык материалдык зыян тарткан. Департамент дары саткандарга мыйзамсыз документ бергени, аны алгандар бажы жана кошумча нарк салыгынан бошотулганы, дары-дармектер боюнча туура эмес тизме түзгөнү, көп сандаган каржылык мыйзам бузууларга барганы аныкталды деп кабарланган. (NT)

XS
SM
MD
LG